Жок, урматтуу окурман, окугусу келген адам каерде болбосун, эң сонун, сапаттуу билимге ээ боло алат экен, биз деле өзүбүз мындай мектептерди айыл-кыштактарыбызда өз күчүбүз менен ачууга, ишин жандандырууга кудуретибиз жетишерлик экен, ал турсун мындай мектептерди элет жерде ачуу биздин турмушубуздун эң бир зарыл, көйгөйлүү иши, учурдун негизги талабы экен.
Себеби, бул «номер бир» проблемабызды чечмейинче, бул багытта зор иштерди аткармайын, биздин коом эртеңки рухий жана материалдык жетишкендиктерден куру калганы бышык. Ошондой эле жер-жерлерге бөлүнүүдөн, трайбализмден, айыл менен шаардын ортосунда күчөп бараткан ажырымдан, карама-каршылыктардан кутула албайбыз.
Мына ушундай бийик жана адал максатты Кыргызстанда уюшулган «Эркин Жаш Ишкер Адамдардын Достугу» аттуу соопчулук фонд (ЭЖИАД) өзүнүн негизги багыты деп билет. Бул фонд башынан эле өлкөбүздөгү бизнесмендерди, илимпоздорду, жетекчилерди, кыскасы, бүгүнкү эл агартуунун оор абалын түшүнгөн педагогторду, кайдигер эмес инсандарды, «натыйжасы ондогон жылдардан кийин билинүүчү» агартуу системасынын реформасына жогорку баа берген, ага инвестициялардын зарылдыгын баамдаган атуулдарыбызды бириктирет.
ЭЖИАДтын уюштуруучулары болуп Кыргызстандын улуттук Академиясынын Математика институтунун илимий кызматкерлери, физика-математикалык илимдердин доктору, профессор, Академиянын мүчө-корреспонденти Азрет-Алий Боташев, Математика институтунун ага-илимий кызматкери, физика-математикалык илимдердин кандидаты Омурзак Мамаюсупов жана физика институтунун ага-илимий кызматкери, техника илимдердин кандидаты Абдисалам Чылымов катышышкан. Булардан тышкары учредительдердин арасында «Асаба» партиянын активдуу мүчөсү жана жетекчилеринин бири Майрамбек Чекиров, борборубуздагы «Хен-Фен» банкынын кызматкери Каныбек Абдыкадыров, «Чыгыш» аттуу кичи ишкананын жетекчиси Асылбек Чолпонбаев жана Амирбек Усмановдор бар.
Өзунун техникалык, илимий, материалдык жардамы, координациялоосу астында ЭЖИАД буткул өлкөбүз боюнча алыскы тоолуу айыл-кыштактарында талантуу балдар үчүн физика жана математика багытында 40 лицей-мектептерди ачууну долбоорлоп жатат. Бүгүңкү кундө өлкөбүздө ондогон мындай лицей-мектептер негизделип жатат десек жаңылышпаган болобуз.
Биринчи натыйжалар эле эң жакшы, ал турсун таң каларлуу дегенге арзыйт. Бул лицейлердин жанданышы менен коомчулугубузда таптакыр жаңыча, мурда болбогон психологиялык ситуация пайда болууда. Элеттик жергебиз ушунчалык келечектеги потенциалдуу ломоносов, пушкин, ахунбаев, табышалиев, юдахин, айтматовдорго бай экенине, лицейдин алгачкы түшүмүнөн, жетишкендиктеринен байкап, көзүбүз ачылып жатпайбы! Аларды бириктирип, интенсивдүү окутууга ылайыктуу шарт түзүп берсең эле болду, бири бири менен эрегишип, абдан тез өсүп, жетилип чыгышат экен.
Ноокат районундагы Кара-Таш айылындагы «Ноокат билимканасы» аттуу мектеп-лицей ушул типтеги мектептердин эң алгачкысы. 1993-жылы биринчи бүтүрүүчүлөрдү чыгарышкан. 18 улан жана кыз. Алардын баары, бири калбай, өз күчү менен өлкөбүздүн жогорку окуу жайларына өтүшүп, бүтүшкөн. Айрымдары бир эле кезде 23 институт, университеттерге өтүшүп, эң ылайыктуусун тандап терең билим алышууда. Райондук, областтык, республикалык предметтик олимпиадаларга катышканда да дайыма жеңүүчүлөрден болушат. Математикадан болобу, физикаданбы, географияданбы, англис тилиненби айтор, бардык предметтерден күчтүү болуп чыгышат. Өткөн экинчи выпуск бут баары жылдагы бүтүрүүчүлөр да республикабыздын жогорку окуу жайларында окуп жатышат.
Англис тилинде лицеисттердин басымдуу көпчүлүгү 8-класстан тартып 11 класска чейин кадимкидей эркин сүйлөшө алышат, айрым окуучулар бул тилде ыр, аңгеме жазууга да аракеттенишет. Ал эми өз эне тилинде билимкананын бардык балдар-кыздары ыр жазышат. Жазгандарын бири бирине окуп, окуткан эжеке-агайларына, экологияга, дүйнөгө, илимге, ата-энеге арналган берметтей таза, тунук ойлорун, аруу сезимдерин эмитен эле кадимки профессионал акындарыбыздан калышпай чагылдырып бере алышат.
Лицейдин директору Саадат Сатарованын айтканына караганда билимкананын негизги максаты, элине, мекенине мыкты кызмат кыла алган инсандарды жаратуу, азыркы замандын оор, татаал проблемаларын түшүнгөн, аларды чечүүгө жөндөмдүү, өмүр бою далалаттанган, билимдүү атуулдарды тарбиялоо. Бул бийик максатарды көздөп лицейде тереңдетилген программа боюнча математика, физика, англис тили сабактары өткөрүлөт.
1995жыл. Бишкек. Ноокат Билимкананы колдоочулары: (солдон оңго) китептин автору Замирбек Өсөров, журналист Назаркул Жоошбаев, ишкер Абдисалим Чылымов, агартуучу Омурзак Мамаюсупов, IT-менеджер Нурбек Имакеев, агартуучу Саадат Сатарова.
Биринчи этап
Ноокат билимканасы кантип пайда болду? Мындан 20 жыл мурда, 1975-жылдары, Кыргызстан илимдер Академиясынын мүчө- корреспонденти, математика илимдердин доктору Азрет-Алий Боташев Кыргызстандын университет, институттарын жаныдан бүтүргөн 20 эн мыкты бүтүрүүчүлөрдү (математика жана физика адистиги боюнча) Новосибирск шаарындагы атагы алыс кеткен университетке жана башка СССРдин илим борборлоруна стажировкага, аспирантурага академик М. И. Иманалиевдин колдоосу менен жөнөткөн.
Бул бүтүрүүчүлөрдүн басымдуу көпчүлүгү Кыргызстандын алыскы айыл-кыштактарынан болушкан. Алардын арасында Ноокат районундагы Чечме-Сай айлында туулуп-өскөн Өмүрзак Мамаюсупов да бар эле. Баса, анын атасы да, Шеран-ака, адистиги боюнча математик, көп жылдар бою мектепте иштеп, бир катар сонун адисттерди тарбиялап берген. Азыр бул киши пенсияда, айылдын эн-бир урматтуу, кадыр-барктуу аксакалдарынын бири.
«Силердин эң биринчи максатыңар деп Азрет-Алий Боташев өзүнүн окуучуларын, шакирттерин алыскы сапарга узатып катуу эскерткени алигүнчө Өмүрзактын эсинде, ошол илимий борборлордун астындагы талантуу балдар үчүн уюштурулган физика-математикалык мектептин окутуу системасын бардык жагынан терең изилдеп келгиле. Мына ушул нерсеге биринчи кезекте көңүл бургула. Кийин аспирантуураны бүтүрүп, өз жерлериңерге кандидат, доктор болуп кайтканыңарда, дал ошол Новосибирсктеги калыптанган, бүткүл дүйнөгө дүңгүрөгөн таланттуу өспүрүмдөрдү даярдоо системасын ушуерде, өзүңөрдүн мекениңерде, Кыргызстанда кеңири түзүп берүүгө жарай турган болгула» деген илимпоз-аксакал.
Азыр ошол жаштардын бүт бары физика-математика илимдердин кандидаттары болуп, кээ бирилер докторлукка да жетишип республикабыздын институт, университеттеринде ийгиликтүү иштен жатышат.
Алардын арасынан Өмүрзак Мамаюсупов алгачкылардан болуп Новосибирскте терең изилдеп, үйрөнгөнүн өз жергесинде ишке ашыра баштады. Айтмакчы, бул багытта Новосибирскке баргандан мурда да Өмурзактын айрым тажрыйбалары болгон эле. 1974-жылы ал өзүнүн бир тууган иниси Маккамбай экөөлөп (Маккамбай дагы физика- математика илимдердин кандидаты, азыркы убакта Ош мамлекеттик университетинде ага окутуучу болуп иштейт) математика жана физика боюнча адистештирилген кружокту уюштурушат. Ошол кружок кийинчерээк адистештирилген класска айланып, жетекчилигине мектепте иштеген математик Каныбек Матисаев дайындалган.
Демек, студенттик жылдардан тартып бул эки бир туугандын максаты бир болгон айылдык таланттуу балдар-кыздар үчүн терең билим берүү системасын куруп беруу, алардын бактына дүйнөлүк стандарттагы мектептерди ошол эле айыл жерде уюштуруу болгон. Ушул эки зирек, арканды үзүн таштаганды билген жигиттерибиздин мээнети, тынбай изденүүсү аркылуу Кыргызстандын алыскы тоолуу айылдарынын биринде таланттуу балдарды, жана ошондой эле таланттуу, адис мектептерде иштей ала турган мугалимдерди, тандал-иргеп, тарбиялап алуу системасы акырындык менен курула баштады десек болот.