Камилла Шаршекеева,
Кыргызстан агартуу системасынын экс-министири, АУЦАнун негиздөөчүсү.
Алысты көрө билген адамдар тууралуу баяндама
Бул китеп эки бөлүмдөн турат. Биринчисинде кыргыз мектебинин жаңы модели тууралуу автор баян кылып, анын маанисин талдап, экинчи бөлүктө дүйнөлүк деңгээлдеги агартуу система биздин жашообузду кантип өзгөртө ала турганын «Галлей кометасы» атындагы илимий-фанттастикалык эмгекте оюн чагылдырат. Негизи бул китептин жарымы Кыргызстандын агартуу системасынын жылдыздарына арналып, аягы асмандан түшкөн жылдыздын аныктамасы, алыскы келечектин батасы менен бүтөт. Бул китептин өзгөчө баалуугу мына ушунда. Автор алысты көрө билген адамдардан болуп, Кыргызстандын мыкты мектебин жараткандар менен биргеликте, Жер жүзүндө кылымда бир жолу келип кеткен Галлей кометасы, Жылдыздардын канышасы коштоосу менен бул жашоонун эң татаал маселелерине жоопту берүүгө аракет кылды.
Бегалы Тагаев,
философиялык илимдердин доктору, КМУУнун профессору.
Аалам менен сырдашууга,
кыргыздын мыкты мектебине арналган китеп
Планеталар аралык байланыш Аалам менен Аламдын байланышы Улуу Жараткан менен Адамдын байланышы
Глобалдык теманын үстүнөн иштөөгө аракет жасаган белгилүү жазуучу Замирбек Өсөрөвдун чыгармачылыгы мектеп окуучуларынын комета менен бирдиктүү иш-аракеттерин 1995-жылдары сүрөттөөсү бүгүнкү күнү фантазия эмес экендигин белгилегим келет. Конкреттүү айтканда: өзүмдүн Бегалиева Өмүрбүбүнүн Улуу Жараткан, Эр Манас жана планеталар менен байланышуусунун далилдүү фактылары.
Алар: 1) тилдин кыя кесилиши аркылуу Улуу Жараткан жана Манас Дүйнөсүнөн редакцияланып, дайын түрдө жиберилип жаткан жазуулары, ырлары; 2) Планеталар жана жылдыздар менен кыймыл-аракеттер аркылуу, тил аркылуу көрүнөө ачык түрдө баарлашуу.
Чындыгында көз көрүнөө Планеталар жана жылдыздар менен байланышуу жүрүп жаткан доордо жашап жаткан мезгилдебиз. Андыктан, жазуучу Замир Өсөров менен Ноокат райондук планетардык мектептин окутуучулар жамаатына, келечектүү мектеп окуучуларына планетардык масштабдагы ийгиликтерди багынта беришине тилектешпиз.
Өмүрбүбү Бегалиева,
философ, акын, манасчы, дизайнер, саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери, Кыргызстан Жазуучулар Союзунун мүчөсү.
Замирбектин китебине болгон ой толгоолор
Жазуучу, акын, журналист Замирбек Өсөров чыгармачылык жолунда уламдан улам күчтөнгөн кеңири кыялдагы позитивдүү көз караш изин таап келет.
Жаратмандын жараткан чыгармалары окулуш ыраатына келгенде атайын даярдык менен барууга туурадай (?) Бир караганда табышмактуудай сезилген көрүнүштөр көрөңгөсү бар адамдарга даана көрүнө баштайт. Жаратманда алга жетелеген алдыга умтултуучу процесс жашап турат.
Көп жылдык журналисттик жолунда Замирбек Өсөров чындыктын өзөгүн издейт. «Ноокат билимканасы» тууралуу документалдуу эмгеги билим берүүдөгү өзөктүү проблемаларды ачууда ийне жибине чейин ачууга барган. Ийгиликти жаратуучулардын келечектүү аракеттерин дыкаттык менен анализдеп, салмак баасын берип жазып чыкканы байкалат.
Ал эми, ак ыр (акростих) коштолуп туруусу алган теманы ого бетер байытып, кошумча палитрадагы жандуу боектор менен коштолгондугу аркылуу кызык. Автор жылдыздарга саякаты өзүнчө чоң көңүл бурууга арзыйт. Дайыма изденгич чыгармачыл инсан, адамзатын космостук билим деңгээлине көтөрүлүүгө үндөйт. Жылдыздарды аралап саякат куруу миссиясы, ой жүгүртүүнүн апогейине көтөрүлтөт. Билими жогору эл, дайыма бийиктикте жашаарын таасын белгилеп, улут үчүн болгон толгон интеллектуапдык жогорку сапатын жазуучулук потенциалында ачып берген. Аталган китебинде Замирбек Өсөров поэзиядагы илимий техникалык өнүгүү-прогрессти чагылдырууну баштаган новатор жаңычыл автор экендигин далилдеди.
Замирбек Өсөровдун чыгармасына жогорку баа берүү менен келечектүү ойлору ишке ашып, жарык көрө турган китеп эли журтубузга алымдуу, окумалдуу болсун! Алдыда дагы дагы зор зор ийгиликтерди жарата беришине тилектешбиз.
Муратбек Рысбеков,
акын, Кыргызстан Жазуучулар Союзунун мүчөсү.
Бул жашоодо көп нерселерди ылдам эле оңдосо болот
Автор эки тилде кыргыз жана орус тилинде жазган жазуучу жана акын, саясый журналист катары коомчулукка кеңири таанылган чыгармачыл инсан. Кыргыз тилине, кыргыз мектебине жана Кыргызстандын келечегине арналган бул китептеги байкоолор, ой-толгоолор, жыйнтыктоолор кыргыз окурманга пайдалуу болот, себеби автор чындыкты жашырбай, жымсалдабай ачык жана так айтып көнгөн адам, ошол эле убакта кетирилген катаалардын оңдоо жолдоорун даана көрсөтүүгө аракеттенет. Бул жашоодо көп нерселерди ылдам эле оңдосо, баткакка батпай эле суурулуп чыгууга болот деген идеяны сунуштайт.
Дуйшөн Керимов,
«Кыргыз тил» гетизинин редактору, Кыргызстан Жазуучулар Союзунун мүчөсү.
Кыргызская школа залог свободы страны
Надо создавать современную кыргызскую школу на уровне мировых стандартов.
Без этого не будет возможным никакое развитие. Книга актуальна именно этим обстоятельством опытом и достижением одной кыргызской школы в горном аиле. Когда все 2000 школ страны поднимутся на такой же уровень, тогда можно будет сказать, что будущее Кыргызстана и ее свобода надежно защищены.
Валерий Яковлев,
президент общественного фонда «Борьба за мир»
Звездная ночь Сагитариуса
Я хотел бы обратить на такую особенность этой книги, которая в целом посвящена звездам на Земле и на Небе. Такое ошущение, что автор пригласил нас сесть за невероятно щедро накрытый дасторкон, который ощеломляет предлагаемыми явствами. Чего только тут нет!? Особенно поражает финальная часть повествования, в которой идет обращение к космосу. Небо и Вселенная являются неотъемлемой частью нашего бытия, вдохновляющие и озарящие нас своей звездной красотой, своими безграничными секретами и огромными энергиями, и возможностями. В целом, я потрясен данной книгой, как если и в самом деле вслед за автором совершил путешствие в далекое будущее Кыргызстана и нашей планеты, и космоса. И спасибо особое писателю, что открыл для меня Сагитариуса.
Женаалы Камбаралиев,
журналист, директор телекомпании «Азия-ТВ»
Улуу ийгиликтер али алдыда
Убагында Кыргызстандагы алыскы тоолуу аймактарда талантуу кыргыз балдарлары үчүн 40 заманбап билимканаларды уюштуруу бул чын эле улуу демилге болгон. Бул максат толук бойдон ишке ашырылбаган болсо да, өлкөбүздө бирин-серин «Ноокат билимканасындай» мектеп-лицелердин пайда болушу жана алардын алгылыктуу иш алып барганы, көптөгөн ийгиликтерге жете алганы мактоого арзыйт. Ар бир инсан, чыныгы адис же залкар жаран орустар айткандай штучный товар эмеспи, ошондуктан «Ноокат билимканасынан» 30 жылдан бери чыгып жаткан атуулдарбыбыз акыры Кыргызстанды көптөгөн албан ийгиликтерге алып келишет деген үмүттөбүз.
Назаркул Жоошбаев, журналист.
Китептин алгачкы басылып чыгышынын биринчи бети. 1995-жыл.
Ноокат Билимканасы: Келечекке саякат
Алыскы тоолуу мектептерди дүйнөлүк стандарттагы
окутуунун деңгээлине жеткирүү
Урматтуу окурман! Мындай бийик талапты коюуга биздин бугунку турмушубузда негиз барбы же жокпу? Ошого жараша акылыбыз, түшүнүгүбүз жана мүмкүнчүлүгүбүз жетишерликпи же бул жөн эле курулай кыял, көк мелжиген өпкөсу жок фантазиябы? Алыскы элеттик жергебиздин балдары өз айыл-кыштактарында жашап, ошол эле төрт тарабы тоого курчалган жерден окуп дүйнөлүк стандарттагы көрсөткүчтөргө жакындаган орто билимге ээ болуша алабы? Тайсалдабай айтканда, дүйнөлүк сапаттуу билимге чабан, дыйкандардын мыкты балдар-кыздары жетише алабы? Же мындай престиждуу окутууга Оксфорд, Париждерге жөнөтүлүп жаткан жалаң гана улуу жазучуулардын, президенттердин, банк мүдүрлөрүнүн, бакыйган акимдердин балдары татыктуубу? Ал эми токсон тогуз пайыз башкалары, асыресе төрт тарабы тоо менен курчалган айылда өсуп жаткан жаштарыбыз, ата-энелеринин жардылыгынан, тубаса таланттарына карабай, мындай окутуудан обочо калышабы? Ошол таланттарын бапестеп өрчүтпөй түбөлүк кой-малдын артынан жүрүп өмүр сүрүшөбү?