Замирбек Өсөров - С. Сатарова: Ноокат билимканасы биринчи бойдон кала берет. Келерки миллениумга саякат стр 4.

Шрифт
Фон

Чындыгында максат абдан оор, түйшүктүү эле, аны иш жузуне ашыруу үчүн көп күч, энергия сарпталышы керек болучу. А бирок мындай энергия бул бир туугандарда жана Чечме-Сай айылынын тургундарында бар болгон экен.

Баса, бул системаны курушабыз деп, буларга чейин бир нече кыйын педагогдорубуз бар болгон, бүт өмүрүн ошого арнап, өз үй-бүлөсүнө, балдарына колу жетпей дүйнөдөн кайгылуу өтүшкөндөр да жок эмес. Алардын арасында Сокулук районунда иштеген педагог Жунусов Турсунду (өзү Совет районунан болгон) жана Ала-Букада өмүр бою кызмат өтөгөн (өзү Сузакта туулган) Пазылбек Жуманазаровду өзгөчө айтып кетүүгө туура келет. Экөө тең республикабыздын мыкты педогогдорунан болушуп, элет жерде физмат мектепти уюштурабыз деп, бул оор ишке чексиз берилгендигинен эрте кетишпедиби  бири рак оорусунан запкы жеп, бири трибунада депутаттардын алдында доклад окуп жатканда, кыргыз мектебинини учурдагы оор абалы туралуу, жүрөгү жарылып. Бул эки агайды тең Өмүрзак жакшы билген, аларды өзүнүн насаатчысы катары баалайт жана алардын ишин улантууну өзүнүн өмүрлүк парзындай көрөт. Ошол эле убакта Өмүрзак ал агайлардын кетирген кемчиликтерин өзүнүн иш тажрыйбасында кетирбөөгө аракеттенет. Мыкты мугалимге мыкты шарт түзүп бериш керек, ишке да, үй-бүлөсүнө да көңүл бурууга, бардык жактан бактылуу болууга булар татыктуу болбогондо ким дагы болмок? Чынын айтканда ЭЖИАДтын куруп жаткан системасы бул элеттик талантарыбызга көңүл буруу, аларды бактылуу кылууга аракет, системдүү мамиле десек, жаңылышпайбыз.

Бул эки агайды тен Өмүрзак жакшы билген, аларды өзүнүн насаатчысы катары баалайт жана алардын ишин улантууну өзунун өмурлук парзындай көрет окшойт. Ошол эле убакта Өмүрзак ал агайлардын кетирген кемчиликтерин өзүнүн иш тажрыйбасында кетирбөөгө аракеттенет. Мыкты мугалимге, мыкты шарт түзүп бериш керек, ишке да, үй-бүлөсүнө да көнүл бурууга, бардык жактан бактылуу болууга булар татыктуу болбогондо ким дагы болмок. Чынын айтканда ЭЖИАДтын куруп жаткан системасы бул элеттик талантарыбызга көңүл буруу, аларды бактылуу кылууга аракет десек, жаңылышпайбыз.

Мындай аракетке элеттик балдар да, аларды тарбиялап өстүрүп жаткан мугалимдер да өзгөчө муктаж экенин биздин тоолуу өлкөбүздө жашагандарыбыздын арасында кабарсыз адам болбогон чыгар  баардыгы эле билген элет жеринини турмушу абыдан оор деп, а бирок куру сөздөн конкреттүү ишке, ошол элеттик адамга, мектепке жардам берели дегендерин арасынан биринчи иретте ЭЖИАДтын демилгесин, анын ишинин найтыжасын тарых өзү көрсөтөт деп мен ишенемин.


Өмүрзак Мамаюсупов:

 Кыргыз элинин 80 пайызы айыл жерде жашайт. Ошондо да алардын арасынан басымдуу көпчүлүгү алыскы тоолуу аймактарды мекендешет. Демек, ошол элет жерге, алыскы тоолуу аймактарга негизги басым жасабасак, кыргыз элибиздин улут катары калыптаныша да, маданиятыбыздын өнүгүүсү да абдан оор, онтойсуз абалда калышы айдан ачык. Мунусуз эч кандай реформалар биздин жерибизде ишке ашпайт. Эртенки күнүбүз, келечегибиз алыскы тоолуу аймактарда түптөлүп жатат. Ошол айыл-кыштактарда тарбияланып өскөн балдарыбыз эртең кандай болушса, кайсы жакка бурулушса биздин турмушубуз да ошондой болот, ошояка бурулат. Демек, периферияга, провинцияга көңүлүбүздү өзгөчө бөлмөйүн, эмгегибиздин негизги векторун ошол жактагы проблемаларды чечүүгө багыттамайын, жалпы абалыбыздын онолушу да күмөн. Муну биринчи кезекте эске тутуп жүрүшүбүз абзел. Биздин өлкөбүздүн спецификасы да, өзгөчө кыйынчылыктары да ушунда. Кыргыз элинин маданияты да, агартуу системасы да гүлдөгөн болсо ошол элет жерден гүлдөй баштайт. Башкача болуу мүмкүн эмес.

Баса, Каныбек Матисаевди адистештирилген класстын окутуучусунун деңгээлине жеткирүү үчүн Өмүрзак аны менен биргелешип бир катар жылдары иштеген, нечен жолу борборго математика институна атайын курстарга чакырып, ал турсун Новосибирскке да стажировкага жөнөткөн. Муну айткан себебим, лицейде иштей ала турган мугалимдер да атайын өзүнчө даярдоо окуудан, переквалификациядан өтүшү ыктымал. Ансыз лицей лицей боло албайт. Келечектин мектеби сөссүз түрдө окуучуну да, окутуучуну да тынбай окутууга, билим деңгээлинин жогорулатууга мажбур кылат. Бул өзгөчө биздин элеттик мугалимдерибиз үчүн маанилүү иш. Алар менен тынбай, системдүү түрде иш алпармайын, шаардын мугалимдеринин деңгээлине эч убакта алардын билгенин көтөрө албайбыз да. Ал эми лицейде иштейм деген мугалимдер шаардык мугалимдерден да күчтүү болууга тийиш. Антпесек, лицейдин ачуунун кажети барбы?


Акыры жыйынтыгы жаман болбоду. 1984-жылы адистештирилген класстын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн басымдуу көпчүлүгү (80 пайызы) жогорку окуу жайларына өтүшүп окуп калышты. Алардын арасында бүгүнкү Ноокат билимканасында иштеген жаш физика предметинин мугалими, 1991-жылы Оштогу пединститутту кызыл диплому менен бүтүргөн Тургунбай Жунусов да бар болгон. Дал ошол адистештирилген класста иштеп, көп тажрыйбаны математик Мукушалы Мамарасулов да ала алган, азыркы мезгилде Ноокат билимканасынын негизги адисттеринин бири болуп жетилип

Ушинтип, кадам артынан кадам, кудум ийне менен кудук казгандай алыскы элет жерде так илимдерге шыгы, жөндөмү бар балдардын өзүнчө окуу системасынын пайдубалы негиздене баштаган.

Чечме-Сай айылындагы «Ноокат билимканасы» аттуу лицей тибиндеги өзүнчө мектеп 1989-жылы ачылды. Бул лицейди ачууда алгачкы демөөрчүлөрдөн жана спонсорлордон айылдын атактуу адамы, бүткүл өлкөбүзгө таанымал улакчы Аманбаев Жумабай палван болуп берди. Азыркы мезгилде бул киши Чечме-Сай колхозунун башкармасы болуп, лицейге болгон жардамын улантууда, мыкты окуган балдарга өзүнүн атындагы стипендияны ыйгарып, картошка менен лицейдин ашканасын камсыз кылып, көмөкчү чарбаны өнүктүрүү максатында 3 гектар суулу жерди бөлуп берип, техника тарабынан тейлеп. Бул кишиден тышкары башка спонсорлор да бар болгон, негизи бул идеяны жергиликтүү калк да, райондук элге билим берүүнүн жетекчиси да (Абдрахманов Калмамат), райондук кеңештин терагасы да (ал кезде бул кызматта Абдураимов Эшболот иштеген) жылуу кабыл алганы иштин ийгиликтүү уланышына жакшы шарт түзүп берди десе ашыкча болбойт. Кандай нерсени баштаба, бардыгы ушул маселеге такалат эмеспи. Айлана-чөйрө бардыгын акыры чечет, мыкты идеяны колдосо колдойт, эгерде жалпы коллективдик акыл-эси ошого татыктуу болсо, ал эми түшүнүгү тар, карангы чөйрө эң сонун башталыштын да үзүрүн көрө албайт, эң мыкты баласынын кендирин кесип, шагын сындырат эмеспи.

18 чымыны бар баланы район боюнча катуу сынактан өткөрүп, тандап лицейдин алгачкы сегизинчи классы түзүлгөн эле ошондо. Бул балдар үчүн Чечме-Сай айылындагы Кара-Таш орто мектептин бир корпусун толук бөлүп беришет. Үч маал жылуу, сапаттуу тамак менен окуучуларды камсыз кылып, ошол эле корпустун ичиндеги жатаканаларга жайлаштырып, айыл жердеги чарбалык иштерден бул балдарды толук бошотушат.

Ошол окуу жылында эле райондук олимпиадага Ноокат билимканасынын балдары катышып бардык предметтер боюнча биринчи орунду ээлеп келишкен.

Ошол күндөн тартып бүгүнгө чейин лицеисттер райондук, областтык жана республикалык олимпиадаларында дайыма женүүчүлөрдөн болуп жатышат. Жыл сайын 18 бала катуу сыноо, конкурстан өтүп Ноокат билимканасына кабыл алынат. Бүгүнкү күндө ошентип окуучулардын жалпы саны 82-ге жетти. Алардын жарымы жергиликтүү балдар-кыздар, калганы Ноокат районунун башка айылдарынан терилип келишкен. Акыркы жылдары башка райондордон да, ал турсун Кызыл-Кыя, Ош, Бишкек шаарлардан да келип бул лицейде терең билим алып жаткандар пайда болууда. Алардын арасында мурда орус мектептеринде окуган балдар-кыздар да бар. Лицеистердин мындай район, область ал турсун (соңку мезгилде) республика боюнча «курамалыгы», ар-ар жерлерде өзүнчө тарбияланып, тили, психологиясы, өңү-түсү менен айырмаланып бирге ынтымак жашаганы да эң мыкты кошумча тарбиялык жагдайды түзүп жаткандай сыяктанат.

Ваша оценка очень важна

0
Шрифт
Фон

Помогите Вашим друзьям узнать о библиотеке

Скачать книгу

Если нет возможности читать онлайн, скачайте книгу файлом для электронной книжки и читайте офлайн.

fb2.zip txt txt.zip rtf.zip a4.pdf a6.pdf mobi.prc epub ios.epub fb3

Популярные книги автора