Алтын Иниятовна - Мезгил ажырымы стр 9.

Шрифт
Фон

Терезени тиктеген улуу келини кызмат кылчу бала-бакыра, келин-кесек табылбай бышырган эт чала бышып, колго суу убагында куюлбай, баш аламан өткөн бул сөөк коюу зыйнаты тууралуу ойлонуп келе жаткан. Улуу келиндин жүрөгүн өйүгөнү «Эгер кайненемдин көзү өтүп кетсе, шаарда жүрүп, шаарда өскөн бала-бакыра, келин кесек деле шыпылдап тейлеп жибербейт турбайбы. Баары эле дубалга жөлөнүп жалдырап туруп беришет экен да. Тыңыраак чай куюп, дасторкон тейлей алышпайт экен да»-деген маселе болчу. Ортончу келинин оюнда атасына арнап, эки ооз сөз айтып ыйлоого жарабаган эки кыз бар эле. «4 сап кошок ыр жаттап алышса болмок экен. Секелек кыздай бышмыңдабай» деп ойлоп коет да «Басаыйлоого, кошок айтып үн чыгарууга тыйуу салынган да» деп өз оюуна өзү жооп табуу менен алек. Машинедеги эркектер сөөк жууганы киргенде сөөктүн жупжумшак болуп катыбай калганы тууралуу сөз кылып жатышкан.

Эненин улуу баласы:

 «Сөөктүн капкатуу болуп катып, анан кабырга түшкөнү жакшы. Сөөк катыбай калса жаман белги деп апам айткан. Тактап сурап көрөйүнчү»-деп апасына кайрылып үнүн бийик чыгарып «Ие..апа..сөөк катыбай калыптыр. Молдо ырым жырым жасаш керек болчу да ээ?»  деди

Бул сөздү уккан апа чочуп кетти. «Караңгүн!!!, молдо ырымдаган жокпу кабыр башындаиия??!!»-деп жиберди.Эркектер «эмне ырым жырым болуш керек эле» дегендей бири бирин суроолуу карап коюшту. Азыркы орто жана жаш муундагы адамдар бул тууралуу билбей турганынан эненин кабары жок эле.

Бул нерсени уккан чоң эне чийки май жегендей абалда калды. «ээ..Жараткан жакшылыгын эле берсе экен. Арты кайырлуу болуп, калган өмүр жашын балдарына берип, балдары, тууган уругу аман эсен карылыкка жетишсе экенЭээ..кудай жамандыктан сактай көр»-деп ичинен миң мертебе тилене берди. Машинеде эркектер «Көп дарыланып, дары-дармекке чыланган дене, жан чыккан соң катыбай былпылдап калат экен. Эч кандай ырым-жырымдын кереги жок, Алла-таала ажал жазса, ар бир пенде ичээр суусу түгөнгөн күнү, тиги жайга узайт»-деп бакылдап талкуулап келе жатышат.

***

Креслодо чайпалган Руслан папкалардагы анкета, документтердин баары менен таанышып чыкты. Эмне деген керемет сулуулар! Айрымдары ар түрдүү конкурстун жеңүүчүлөрү экен. Эл алдына чыгып өнөрүн тартуулап жүргөндөрү да бар экен. Деги, ар бир аялзат бул бир керемет аалам экенин дилинде туюп Руслан ойлуу отурат. Бирок жеке Руслан үчүн бир да аялзат өзгөчө эмес эле. Келбетине таянып кандай гана аялзат болбосун көңүлүнө жакса имерип алып, кол жоолук кылып каалагандай пайдаланып, аягында ортолорунда эч нерсе болбогондой басып кетүү, бул сулуу жигит үчүн кадимки эле эркектик көнүмүш жүрүш туруш катары сезилчү. Аялзаттын Русланга ишенген таза сезими, аруу махабаты бул жигит үчүн маанилүү деле эмес. Арзуусун айтып боздогон Гүкү, сүйүп калганын колко кылгандай айласын алты кетирген чатак кыял Наргиз, миң түрлүү айла амал ойлоп тапканга маш Тахминадеги кандай гана түрлүү аялзат менен мамиле курбады. Акыр аягы көксөөсү канып, кызыгы тараганда эки колун чөнтөгүнө салып ышкырып кетип калчу. Бир да жолу аялзаттын арзуусуна татыш үчүн акактап аракет кылып көргөн эмес. Дегеле, Руслан өзү жоопкерчиликсиз, милдетсиз, эркин, жеңил мамиле курууга ыктачу

Эшикти кыңайта ачкан жардамчы кыз «Руслан байке, мен үйгө кеттим.Сиз эртең саат канчада келесиз?»-деди. Ийкемдүү иш графиги Русландын көңүлүңө майдай жагып, бир аз ойлонуп «эртең саат он бирде келем»-деп койду.

Бир аз убакыт өткөн соң сырттан Ася кирип келди. Столго документтерин, компьютерин жайгаштырган Ася, алгач өзүнө, анан Руслан үчүн кофе куюп жигитти башынан аяк жылмайа карап, көзү менен сыдырып өттү. Оюнда сапарга чыгууда Руслан бир сыйра сырткы кийимин, стилин өзгөртүшү керек экен деп ойлой калды.

Жумуштун маани маңызын түшүндүрүү үчүн келген Ася орундукка отуруп кеп баштады: «Руслан, эми мындай, өзүңүз деле билсеңиз керек, акыркы жылдарда бардык эле жерде реклама, пиар өнүгүп, моделдик бизнеске карата суроо талап күчөп бара жатат. Бирок биздин кичинекей мамлекетибизде бул тармак анча деле өнүгө элек. Мына эми гана сулуулук индустриясы башын көтөрүп, анча мынча адамдардын аты чыгып келе жатат. Мен өзүбүздө моделдик мектеп жана өкүлчүлүк ачсам деген максатым бар. Убакытты утуп, моделдик мектептин өнүгүп кетиши үчүн алгач мыкты моделдерди алып чыгуу керек. Мына ушул өтө татаал иш. Мунун баары өтө чоң акча жумшала турган эбегейсиз тобокелчилик. Ошондуктан буга чейин тандалган модель кыздардан 10 кызды тандап алып, коншу мамлекеттеги сулуулуу индустриясында өтүп жаткан ар кандай көргөзмө, иш чараларга сунуштоо аркылуу катышып көрүү тобокелчилигине барганы турам. Биздин иште байланыштар да өтө чон роль ойнойт. Ал жактагы тайпалашымдын колдоосуна ишеничим чон. Азыр сизге баары түшүнүксүз болушу мүмкүн, анык өз көзүңүз менен көрүүңүз үчүн, алгач сиз экөөбүз чогуу барып келели. Сапарды кайсы күнгө койсок сизге ынгайлуу болот?»

Мезгил ажырымы

20 минут
читать Мезгил ажырымы
Алтын Иниятовна
Можно купить 0.01Р
Купить полную версию

Ваша оценка очень важна

0
Шрифт
Фон

Помогите Вашим друзьям узнать о библиотеке

Скачать книгу

Если нет возможности читать онлайн, скачайте книгу файлом для электронной книжки и читайте офлайн.

fb2.zip txt txt.zip rtf.zip a4.pdf a6.pdf mobi.prc epub ios.epub fb3