Кадыр Абакиров - Алтын сандыктагы ырлар стр 6.

Шрифт
Фон

Тымызын гана сайраңдап.

Күүдөн тайбас улуу эмгек,

Күзүндө күргүчтөп башталат.

Саан койлор төлдөөчү убак жок,

Сарай азыр эс алат.

Мемиреген тынчтык менен.

Кошулуп согуп өткөн жел менен

Түн ичинде жылдыздарга кайрылат,

Жакшынакай дубай салам кабар менен.


БАЛАМА

Кызыгып улам-улам карадың,

Кызыл атчан баратканда сапарга.

Кызыл аты сонун бекен садага,

Кыр өйдөлөп кеттиң алыс жактарга.


Кызыл атчан жигиттей таңдантып,

Кымбат атты өзүң дагы минээрсиң.

Кызыктырып далай жанды карантып,

Кырды бойлоп күлүк минип келеерсиң.


      ЖОЛДО

Алыска сапар чыккан болчумун,

Мага досум энчиледи жоргосун.

Жол жомогу токтобой уланат,

Жоргочон узак сапар жолдомун.


Жоргом дагы жол улоодо талыбай,

Жолду басып сапарладым бир далай.

Жорго берген досума да ыракмат,

Жол арбытып келетамын чарчабай.


КОШОМАТЧЫЛЫК ШТАТ

тамсил

Эшек кожоюнун өйдө-төмөн ташып,

Эпеңдеп жүрөт жумушка аралашып.


Ит берилүү менен үй кайтарат,

Короодон анча деле алыстабайт.


Чычкан майда баратты терип жейт,

Эрмек кылып бир нерсени кемирет.


Тоок жумуртка тууйт ап-аппак,

Кожоюну ыраазы болот аны санап.


Бөлүнгөн штат аны менен жанын багат,

Жээ мээнэттенип эмгектене тамак табат.


Бирок, ит дагы бир штат ачып алып,

Кожоюнга куйругун шыйпаңдатып.


Жаныбарлардын ызы-чуусу башталды,

«Ит кошаматчы, топ бузгуч». аталды.


«Бизде кошаматчылык штат жок эле,

Бу бөлүмдү ачып, алды ал эмнеге?»


«Итиңизге көз салыңыз»,  деп кожоюнга барышты,

Таксыр «Катуу койом», деди Мындан ары талапты».


Кожоюн жаныбарлардын өтүнүчүн эске алып,

Ит жылбай калды бир оорунга байланып.


Ал бир жерге гана байланып калды,

Бирок, ичет мурунку эле тамактарды.


Кайта жаныбарлардан чуру-чуу чыкты,

«Ит таштабай койду кошоматчылыкты».


Кожоюнга келишти алар кагаз алып,

Ит жөнүндө баягыдай арыз жазып.


«Куйругу кесилсин»,  катуу койду талапты,

«Жоготуу керек, кошоматчы, арамзалыкты».


«Куйругу кесилсе, эле кошоматчылык бүтөт», деди,

«Баардык кемчилик орун алган денесинде береги».


Ошентип аткаруу үчүн ушул чечимди,

Иттин куйругу анан барып кесилди


Бирок, иттин куйругу кесилсе деле,

Денеси менен кошомат кылат алиге.


Жаныбарлардын арасында чуу башталды,

Мурунку токтом жарабады, жакпай калды.


Кошоматчылык дарт куйругунда эмес экен,

Ал залал орун алыптыр алигинин мээсинен.


Кошоматчылык кылган итти өлүмгө буйрушту,

Кичинекей чычкан аткарсын дешти буйрукту.


Ал итти өлтүрүүчү бир дары таап келди,

Аны билгизбей нанга кошуп итке берди.


Ит ошол замат өлүп жок болду,

Ал ушундай болмок болчу оболу.

Жер үстүнөн дагы бир кошоматчы тазаланып,

Жаныбарлар калышты таза абадан дем алып.


Адамдарда кошоматчылык болбосун,

Алиги өлгөн итке такыр окшобосун.


КЕҢЕШ

«Чоң болом»  деп чочоңдоду оң колум,

«Бай болом»  деп, сороктоду сол колум.

«Койгулачы!»  Мен аларды тыя албай,

«Кокуйлап» -кыйналдым го бир далай.


Эч ким жокто эки жакты карадым,

«Келгиле! Акырындап кеңеш айттым:

Чоңдордон жыргал көрө элекпиз

Байлардан пайда тапкан эмеспиз».


Чочондогон экөөнө дарс айттым

Акыл салып акырындап жайгардым.

Андан көрө илим менен жанды бак

Эмгектенип калк ичинде жолду ач.


ЖАШТЫГЫМ-КЫШТАК

Автобуста баратамын кечинде,

Алдыман чыгат кыштактар.

Жашыл тоонун этегинде

Жаштыгым калган кыштак бар.


Автобус барат аркырап,

Артымда калат кыштагым.

Кырдан аша береерде,

Кылчак-кылчак караймын.

ҮМҮТ

Ала карга үшүп бакта отурат

Тоңуп калган бутактарды чокулайт

Yнүнөн мындай деген дарс окулат:

«Кыш суук жазга чейин дагы алыс,

Аман болсок ага да жетип алабыз».


ЖАЛГЫЗ КӨПӨЛӨК

Карарган чоң таш теп-тегерек,

Yстүндө көлчүк. Асман көп-көк.

Анда калкылдап желде термелет,

Арманда өлгөн жалгыз көпөлөк.


Ал көпөлөк тап -такыр учпайт,

Бийиктик асман менен көкөлөп.

Эсимен такыр кетпей калыптыр

Арманда өлгөн жалгыз көпөлөк.


Көпөлөк жаш наристе болбосун,

Ваша оценка очень важна

0
Шрифт
Фон

Помогите Вашим друзьям узнать о библиотеке

Скачать книгу

Если нет возможности читать онлайн, скачайте книгу файлом для электронной книжки и читайте офлайн.

fb2.zip txt txt.zip rtf.zip a4.pdf a6.pdf mobi.prc epub ios.epub fb3