Эрктүү жүрөк ак сүйүүнү жаратса,
Эчен жылдар эстен кете койбогон.
Сүйкүмүнөн жылдыз жанып баратса,
Сүйүү ушундай ыйыкпы деп, ойлоном.
КЕЧИНДЕ
Саан бээлер чогула,
Келип жатат желеге.
Күн кылкылдап батууда,
Кызылын чачып кечинде.
Аркы жактан үн берип ,
Козу маарап, үн салат.
Короого ээрчен ат келип,
Чоң казыкка байланат.
Сүйкүмдүү кеч ашыгып,
Тоолорго келди шашылып.
Жылкылар жөнөйт жайытка,
Жылга менен даң салып.
Сапар тартып төрлөргө,
Булут көчөт шашылып.
Белесте булагы көрк төгө,
Берметтери чачылып!
Суур торсоюп аңкуштап,
Кире качат ийнине.
Тоонун гүлүн жел термеп,
Назиктик отун билдире.
Арыдан тосуп койлорун,
Атчан малчы ашыгат.
Түнөргөн булут аскадан,
Түнөк издеп шашылат.
ЧАКЫРЫК
Алыс жакта чабан үйү көрүнөт,
Айланага бийлик кылып түн жүрөт.
Терезеден алсыз нурлар таралып,
Тигинде жалгыз чырак бүлбүлдөйт.
Ошол үйдө мен чоңойдум бир учур
Балалык кез анда өтүп закымдайт.
Баары көөндө ошол чырак ошол түн,
Бакыт болуп мени алдыга чакырат.
БАЛКИМ
Айлананы күз баскан,
Жамгыр берет дабышты.
Балким ушул жааган жаан,
Күз жааныдыр акыркы
Таанышым узак жол кеткен,
Карап турам тоо жолун.
Эң акыркы аны менен,
Коштошконум болбосун
Карыя карайт тоо жакты,
Сыркоо экени болжодум.
Балким, анын эң акыркы,
Караган чагы болбосун
Баары болот турмушта,
Мен ошону ойлондум.
Коштошкондук аянычтуу
Кандай гана болбосун.
ЖАН ЫРЛАРЫМ
Ажыраштым бир кездеги дос менен,
Мен өтөдүм ак өмүрдүн сапарын.
Бөлүнбөстөн силер менен бир келем
Жан ырларым, жакшы көргөн ырларым.
Ак үмүттү жакшы ой санаа ээлеген,
Шаңы чыгып келе жаткан жылдардын.
Силер менен түбөлүккө бир элем
Жан ырларым, жакшы көргөн ырларым.
Балким мени таштап кетеер башкалар,
Жан ырларым өзүм болуп калмаксың.
Өлүм келип мени ээрчитип кеткенде,
Өзүм үчүн өмүр сүрүп жашайсың.
КҮҮГҮМҮМ
Иңир кирип, жарык өчүп,
Алыстан жылдыз көрүнүп,
Айланага кайра чачат,
Караңгылык күкүмүн.
Тоо башынан ай көрүнүп,
Аппак нурун төгүлтүп.
Келе жаткан күүгүмүм,
Элесисиң өткөн күндүн.
Аралыгы болосуң,
Жарык менен келээр түндүн,
Күүгүмүм ай, күүгүмүм
Аны оронгон кайран өмүрүм.
КАН ЖАЙЛОО
Иним Шаадат Акуновго
Балык кармап Тешик-Көлдө жүрчүбүз,
Кешчү элек бөөт-бөөт сайларды.
Балдар менен жылгадан өтчүбүз,
Баратабыз аралай чаап шалбааны
Көп жоктоймун ошол күндүн сересин,
Сапар кетип акырындап жок болгон,
Кайра эстесем ал учурдун элесин,
Кайткыс күндөр Кан Жайлоомо окшогон.
БАКЫТ БАРБЫ
Турар Кожомбердиевге
Өзү өлдү бирок дагы сөзү калды,
Өчкөн жок алоолонгон сөздүн табы.
Жылуулук келип турду коломтодон,
Жылытып анда отурган адамдарды.
Ачуу- таттуу турмуш жолун аралап.
Ак кагазда жазып кеткен ыры калды.
Араласа далай-далай кылымдарды,
Акын үчүн андан ашкан бакыт барбы.
ЖОЛОЧУ
Эшикте кыш, ызгаар суугун таратып,
Үй ичинде меш дуулдап үн берет.
Те бийикте созолоно баратып,
Тереземен ай караанын белгилейт.
Анда-санда дарак кыймыл жаратып,
Мындай түндө караан деле көрүнбөйт.
Шамал гана өз үйүнөн адашып,
Шашып жүргөн бир жолочу өңдөнөт.
ТӨРТӨӨ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ
Достук, эрдик, акын менен жомокчу,
Сапар тартып баары бирге баратты.
Сыдырым жел. Түздөр тоого алмашып,
Сыноо күткөн дагы далай жол жатты.
Достук ошол татаал жолдо баратып,
Ал үчөөнү бириктирип таштады.
Жолдош болду күч-кубатын арттырып,
Жомокчунун жол арыткан дастаны.
Эрдик болсо астыдагы душмандан,
Эчен жолу карегиндей сактады.
Акын эргип толкундана тынч албай,
Досторуна жакшынакай ыр жазды.
Эриш-аркак жашоо керек дүйнөдө,
Түркүк болуп бир-бирине адамдар.
Ал төртөөнүн ынтымагын салт кылсын,
Алыс жолго сапар тартып жаткандар.
КАРГА ЖАНА ЭРКИНДИК
Карга болуп учуп кетпейм асманга,
Карга болуп кайып жүрсөм асманда.
Ак кагазга эркиндикти ким чиет,
Ырларыма жетимдик жетип келет.