Ошентип жүрүп отурса, алдынан Тоотолтоң деген адам чыгат. Андан Камыр балбан:
Эмне өнөрүң бар? деп сурайт.
Балбандыгым бар, деп жооп берет.
Эмесе жүр, экөөбүз жоддош бололу, деп ээрчитип алып жүрүп олтурса, алдынан Суусулпаң деген кездешет. Андан:
Эмне өнөрүң бар? деп сурашат.
Менин өнөрүм: агып бара жаткан деңиздерди, сууларды алаканым менен токтотомун, дейт.
Ал үчөө жолдош болуп жүрүп отурса, жолунан Айалпаң чыгат. Андан:
Эмне өнөрүң бар? деп сураса:
Менин өнөрүм: тоодогу айбанаттардын баарын таш менен урсам, өлбөй калбайт, дейт.
Төртөө биригип алып, өзүлөрүнчө тоого чыгып, аң ууламакчы болушат. Алардын бирөө күндө кошто калып эт бышырып турмакчы болот. Адегенде Айалпаң калат. Беркилер кечинде келишсе, эч кандай тамак жок, бир Жез Тумшук от аламын демиш болуп келип, этин жеп, өзүн аябай сабап кетет
Экинчи күнү Суусулпаң эт бышырганга калат. Анын да Жез Тумшук мурункудай этин жеп кетет. Анда да ачка калышат.
Үчүнчү күнү Камыр балбан калып, эт бышырып отурса, Жез Тумшук келип:
Эт берчи! деп Камыр балбанга айтат. Анда Камыр балбан:
Эт жебей, чок же! дейт.
Ал экөө ошол жерден кармашып, Камыр балбан баягы темир таягы менен чабаарда, Жез Тумшук качып жөнөйт, тиги кууп жетпей калат. Ал кара үңкүргө кирип кетет.
Кечинде жолдоштору келгенде, Камыр балбан болгон ишти айтып үчөөнү ээрчитип, үңкүргө түшсө, бир ак үй бар экен. Ал үйгө кирсе, үч кыз ыйлап отурат. Баягы Жез Тумшук уктап жатат. Аны Камыр балбан таягы менен бир- эки чаап жиберее, тура калып кармашат. Үч кыз унчукпай отура беришет. Камыр балбан баягы Жез Тумшукту өлтүрүп, үч кыздан сыр сураса, ал үчөө зордуктап алып келген хандын кыздары экен.
Үч кызды Камыр балбан тышка алып чыгып, үч жолдошуна барып үч кыздын бирөөнү өзү алып, экөөнү Тоотолпоң менен Суусулпаңга берет. Айалпаң кур калат. «Үч кызды үчөөбүзгө бербейт», деп үчөөнүн ичинен нааразылык чыгып, балбанды өлтүрмөк болушат. Аны балбан билип калып, үчөөнү тең кызылдай сабай турган болгондо, качып кетишет. Үч кызды балбан ханга кабар айттырып, шаарга барат.
Барса баягы үч кыз ошол хандын кыздары экен. Хан өзү хандыктан түшүп, балбанды хан көтөрөт. Ошентип, Камыр балбан хан болуп карыган ата- энесин багып калыптыр.
АЙЛАКЕР БАЛА
Илгерки заманда Багдад шаарында багар-көрөрү жок, бир тоголок жетим жашаган экен. Ал эл кыдырып тилемчилик жасап, өлбөстүн суусун ичип, өчпөстүн отун жагып, эптеп күн өткөрчү экен. Күндөрдүн биринде жетим бала адатынча эл кыдырып жүрсө, бир адам жолугуп: «Балам, кайдан жүрөсүң, атың ким?» дейт. Анда бала: «Атым Айлакер, кайдан келгенимди, эли-журтумду билбеймин, ата-энем үч жашымда көз жумган дешет» дейт.
Ээ, балам, эмне айла-амалың бар? Атыңды Айлакер деп ким койгон?
Менде эч деле айла-амал жок, ата-энемдин койгон аты ушул экен.
Эмесе, балам, баары бир ата-энең, багар-көрөрүң жок экен, мага бала болгун, дейт.
Бала: «Жакшы болот, ата, сокурдун тилегени эки көз дегендей, менин тилегеним да ошол эмеспи» деп, ал адамга бала болуп жүрүп калды.
Күнү эшикте ойноп отурса атасы чакырып: «Ээ, Айлакер, сен мына бул бактын башында эмне бар экенин билесиңби?» дейт. Бала: «Билем, ата, анда ак сары деген куштун уясы бар» деди. «Эмесе, куш азыр уясында жатат, сен кушка билгизбей бир жумурткасын уурдап келгин» дейт. Айлакер бакка чыгып барып, кушка билгизбей бир жумурткасын уурдап келет.
Чал: «Эми кайра алып барып, жумуртканы уясына салып келгин» дейт. Айлакер бакка чыгып барып, кушка билгизбей жумуртканы уяга салып кайра келди эле, атасы: «Колуң эптүү, өзүң тири карак экенсиң, ишке жарай турган кебетең бар көрүнөт» дейт. Кечке маал болгондо атасы: «Мына бу жердеги абышка-кемпирдин үйүн билесиңби?» дейт. «Ошол кемпир-чалдын бир карын сарын майы бар. Аны же өздөрү жебейт, же кишиге бербейт. Түн ичинде уурудан коркуп, экөө ортосуна алып жатат, баргын да, ошону уурдап келгин» дейт.
Айлакер макул болуп, абышканын үйүнө жетип барат. Барса, чынында эле абышка-кемпир төшөгүн кенен салып, майды ортосуна алып уктап жатышкан экен. Айлакер жыла басып, төшөктүн жанына барат да, абышканын үнүнө окшотуп кырылдап, «кемпир, ары жат» деп кемпирди акырын түртүп коет. Кемпир арылап кетет. Андан кийин «абышка ары жат» деп кемпирдин үнүнө окшотуп, үнүн жасап абышканы түртөт. Абышка арылап кетет. Ушуну эле күтүп турган Айлакер карап турчубу, майды уурдап алып, чыгып кетет.