Бешмантты үйүнө коюп, Мырза билмексен болуп калды.
Айжамал болгон ишти төкпөй, чачпай атасына айтып келди.
Сен ошол бешмантты алып келсен, алтындан сөйкө жасатып берем, деп падыша кызына убада кылды.
Кыз атасынын айтканын орундатып, сыйкырдуу бешмантты алып келип берди. Падыша сыйкырдуу бешмантты сынап көрүп, бекем катып таштады.
Бир күнү Султаналы менен Умсунай экөө дагы айылчылап кеткенде, Мырза Айжамалдын астына барбактап тасторконду жайып, түрдүү оокатты жайнатат. Каалаганча жешип, тасторконду кайра ордуна илип коюшат.
Айжамал үйүнө келип атасына сыйкырдуу тасторкон жөнүндө айтып берет. Атасы аябай кубанып кызына:
Сага алтын шакек берем, ошол тасторконду алып келсең, деп дагы жумшайт.
Сыйкырдуу тасторкон да алынып келди.
Султаналынын тырпы тышына айланып, бешмант, тасторкондон ажыраганына аябай капаланды. Ким колдуу болгонун дароо байкады.
Алтын саканы ыргытып, анан өзү чуркап жердин алдындагы бакка барып, мөмөлөрдү эки- үч чакадай жыйнады. Кыштын кырчылдаган күнү падышага тартуу кылып алып барып берди. Баарысы аң- таң калып, жеп жыргашты.
Эртең дагы алып келем, деп убада кылды. Султаналы бактын сол жагындагы мөмөлөрдү терип туруп падышаныкын көздөй басты. Султаналы:
Мен бирден оозуңарга салам, оозуңарды ачып, көзүңөрдү жумуп тургула дегенине падыша менен вазирлер макул болду.
Падыша мышык, вазирлери ит болсун, деп Султаналы шыбырап, колун бир силкип койду.
Ошондон кийин баарысы айткандай болду. Падышанын тактысына өзү олтуруп, адил иш жүргүздү. Жоголгон буюмдарын таап, жаркырап- жайнап жатып калган экен.
СЫЙКЫРДУУ САКА
Илгери- илгери миң койлуу киши менен жүз койлуу киши кошуна жашайт. Койлорун балдары кайтарып жүрөт.
Күндөрдүн бир күнүндө миң кой кайтарган бала менен жүз кой кайтарган бала койлорун эки бөлөк жайып коюп, чүкө ойношот. Кечке ойноп, жүз койлуу бала чүкөсүн бүт уттуруп, бир сакасы эле калат. Ошондо гана кайтарган кою эсине түшүп, койлоруна келсе, баарын карышкыр кырып кетиптир.
Үйүнө баргандан коркуп, бала бир үңкүргө түнөйт. Курсагы ач, ичерге тамак жок, кою кырылып, чүкөсүн уттуруп, ичи күйүп уктай албай коёт. Ошондо сакасын колуна алып: «Сакам, сен да жакшы конбой койдуң, мен да жакшы ойной албадым. Чүкөмдү уттурганым аз келгенсип, койлорду карышкыр кырып кеткенин карачы. Эми кантип жан сактайбыз? Эт, май, сүт, кийим- кечекти кайдан табабыз? Атаңдын көрү ай, кайра жүз койлуу болсок, чүкө ойногонду коюп, жакшылап кайтарып жүрөр элем», деп көз жашын сакасына тамчылатат. Ошентип санааркап жатып уктап кетет
Эртең менен эрте ойгонуп, бала өз көзүнө өзү ишенбейт. Тегерете койлору жуушап жатат. Бала сүйүнүп, койлорун айдап үйүнө келет. Бирок кечээ болгон окуяны ата- энесине айтпайт.
Дагы кой жайып чыкканда кечээ койлорун карышкыр кырып кеткенин, уктап калса, койлору жуушап жатканын миң койлуу балага айтып берет. Миң койлуу бала укканын атасына айтат.
Миң койлуу киши сыйкырдын баары жүз койлуу баланын сакасында экенин билип, дагы байыгысы келет, да, өз баласына: «Тиги жолдош балаңдын сакасын бүт чүкөңдү берсең да, бир койго сатып алсаң да алып кел», дейт. Эртеси бала бүт чүкөсүн бир сакага алмашып, атасына алып келип берет. Саканы колуна алып, баласы экөө «Миң коюбуз эки миң болсо экен, элдин баарынан бай болсок экен, айланайын сака, тилегибизди бере көр», деп тилеп, экөө тең таң атканча койлор кантип көбөйөр экен деп тирмийип карап турат.
Аңгыча таң да атат. Короого келип, койлорун караса, миң коюунун бири да калбай кырылып калганын көрөт. Ошондо ачуусу келип, саканы отко ыргытат. Сака отко түшөр замат жарк этип жалын чыгып, жалындын арасынан он эки мүйүздүү бугу чыгып, токойго чуркап кетет.
КАМЫР БАЛБАН
Мурунку өткөн заманда баласыз кемпир- чал болгон экен. Бир күнү кемпир камыр жуурганда: «Алда кудай ай, ушул менин камырым бала болуп калсачы» деп арманын айтып, тышка, чыгат. Тыштан кайра келсе, баягы камыры бала болуп калыптыр. Анда баягы кемпир- чал бир бирине сүйүнчү айтышып, абдан кубанычта болушуп, той беришип, атын Камыр балбан коюшуптур. Ал абдан балбан, кайраттуу, эр чыгыптыр. Камыкең алтымыш өгүз, элүү ат, араң кыймылдата турган, темир таяк жасатып алып, он жети жашынан саякатка жөнөйт. Жолундагы шаар эли үркүп кете баштайт. Себеби, таягы жерди дүңгүрөтүп солкулдатса, эл «жоо келе жатабы» деп качат экен.