Кубан Чороев - Манифест. Кыргызстандагы насыя алуучуларынын укугун коргоо элдик кыймылынын манифести стр 3.

Шрифт
Фон

Биз дагы Улуттук банкты реформалап, айтылган валюталык башкаруу системасын түзүшүбүз керек. Бүгүнкү күндѳ буга биздин толук мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Анын кыскача арифметикасы мындайча болуусу керек:

Улуттук банктын бүгүнкү күндө 1 млрд. 970.56 млн. АКШ доллар валюталык резерви бар. Ошол эле убакта, экономикабызда тегеренип жүргөн сомдун массасы 65 млрд. 340.5 млн. сомду түзѳт. Эгерде бул сумманы бүгүнкү доллардын курсу  бир доллар/60 сом деп бөлсөк, 1 млрд. 89 млн. доллар деген сумма чыгат.

Демек, бизге ушул тапта сомду бир доллар 60 сом деген кур менен түбөлүктүү фиксация кылып коюу үчүн 1 млрд. 89 млн. доллар гана жетиштүү. Ал эми резервдеги калган 881 млн. АКШ долларын Улуттук банк биздин коммерциялык банктар аркылуу бүгүнкү убакта насыясы бар жарандарга кредиттерин кайра жаңыртып, пайыздарын төмөн кылып берсе, бүткүл кыргыз элин оор насыяларынан куткарып, Кудайга жагаар иш жасамак эле. Бизде, өзгөчө айыл жерлеринде, кредиттеринен кутула албай, үй-жайынан айрылган атуулдарыбыз аз эмес, кээ бир учурларда оор жагдайга туш келип, өзүн өрттөгөндөрдү да массалык маалымат каражаттарынан угуп, көрүп жатабыз.

Эми мен бул жерде, бул системанын деталдарын жазып жүрбѳйүн, бул жѳнүндѳ Америкадагы эң мыкты делген 10 экономисттин бири Жон Хопкинс университетинин профессору Стив Ханке мырза докторлук диссертация жактап, ондогон том материалдарды жазган. Ал киши убагында Америка президенти Рейгандын экономика боюнча башкы консультанты да болуп иштеген. Эң негизгиси, ал киши Кыргызстанга келип, акылы менен жардам бергенге даяр экенин мага электрондук почта аркылуу жазды.

Эми бул жерде мен бул валюталык башкаруу системасы кандай натыйжаларга алып келерин кыскача атап өтөйүн:

 Кыргызстан ѳз валюталык резервдерин ѳзү башкарып калат жана тышкы башкаруудан толугу менен чыгат;

 Сомдун долларга болгон курсу аталган Араб өлкөлөрдүкүндөй түбөлүктүү болот;

 Кыргызстанда баалардын ѳсүшү жылына 13% гана түзүп калат да финансылык стабилдүүлүк орнойт;

 Банктарда насыялар арзандайт жана проценттер төмөндөп, ишкерлерге жана айыл чарбасына жакшы жагдайлар түзүлөт;

 Финансалык туруктуулук өлкөдө экономикалык активдүүлүктү, инвестициялардын келишине жана экономикалык өсүшкө алып келет;

 Сом Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлѳрдүн арасында эң стабилдүү валютага айланып, кадыр-баркы ѳсѳт;

 Кыргыз экономикасы долларлашуу процессинен толугу менен арылат, эл сом менен иштеп, кирешесин сом менен гана сактап калат, анткени анын курсу доллардыкы менен түбѳлүктүү бир курс болуп калат;

Эми бул жерде мен бул валюталык башкаруу системасы кандай натыйжаларга алып келерин кыскача атап өтөйүн:

 Кыргызстан ѳз валюталык резервдерин ѳзү башкарып калат жана тышкы башкаруудан толугу менен чыгат;

 Сомдун долларга болгон курсу аталган Араб өлкөлөрдүкүндөй түбөлүктүү болот;

 Кыргызстанда баалардын ѳсүшү жылына 13% гана түзүп калат да финансылык стабилдүүлүк орнойт;

 Банктарда насыялар арзандайт жана проценттер төмөндөп, ишкерлерге жана айыл чарбасына жакшы жагдайлар түзүлөт;

 Финансалык туруктуулук өлкөдө экономикалык активдүүлүктү, инвестициялардын келишине жана экономикалык өсүшкө алып келет;

 Сом Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлѳрдүн арасында эң стабилдүү валютага айланып, кадыр-баркы ѳсѳт;

 Кыргыз экономикасы долларлашуу процессинен толугу менен арылат, эл сом менен иштеп, кирешесин сом менен гана сактап калат, анткени анын курсу доллардыкы менен түбѳлүктүү бир курс болуп калат;

 Валюталык башкаруу системасына өткөндѳн кийин «алтын сом» валютасын киргизүү оңой болуп калат, ал үчүн кийин жакшы кырдаал түзүлгөндө, валюталык резервдеги долларды алтынга алмаштырып, сомду алтынга байлап койсо болот.

Сөзүмдүн акырында байыркы кытай акылмандарынын айтканын мисал келтиргим келет: «Дарак тиккенге эң жакшы убакыт жыйырма жыл мурун болчу, ал эми андан кийинки эң жакшы убакыт бүгүн». Эгерде бүгүнкү күнү бийлик башындагылар жакшылап ойлонуп, Улуттук банкты реформалап жана акча реформасын жасабаса, ал эми Улуттук банк азыр элге жасап жаткан кыянаттыгын уланта берсе, Кыргыз мамлекети абдан кооптуу экономикалык депрессияга туш болоору айкын. Карап, байкап кѳргүлөчү, бүгүн банктар ипотека насыяларын токтотуп коюшту, курулуш секторунда каатчылык башталды, ишкерлерг е насыялар кымбаттап кетти, фермерлерге кредиттер кымбат, кийим тигүүчүлѳр рублдин девальвациясынан жабыркады, соода-сатык жана экономикалык активдүүлүүк төмөндөп баратат

«Акча системабызды Улуттук банкты реформалоо менен гана бүгүнкү оор кырдаалдан чыгып кете алабыз»

Бишкек, 23-ноябрь, 2015 /Дайырбек Мейманов-Кабар/. «Бүгүнкү күндѳ доллардын кымбаттоосу экономикабызда ѳтѳ оор кырдаалды түздү. Ал эми экономикалык кризис ѳлкѳдѳ баардык социалдык ооруларды ырбатып, жумушсуздукту, жакырчылыкты, улуттун саламаттыгынын начарлашын, кылмыштуулуктун, ички жана тышкы миграциянын, каралбаган балдар жана жалгыз калган карылардын кѳбѳйүшүн шарттайт. Мына ушул социалдык дарттардын баардыгы экономикалык системабыздын иштешинен кѳз каранды» -деди «Кабар» агенттигине экономист Кубан Чороев.

Анын айтымында, экономиканын тамырын акча системасы түзѳт. Биз 24 жыл мурун эле ѳзүбүздүн экономикалык кызыкчылыктарга жооп бербеген акча системасын тандап алганбыз. Биздин ѳнүкпѳй келе жатканыбыздын негизги себеби ушул тандап алган туура эмес акча системасы. «Биз акча системабызды, тагыраак айтканда Улуттук банкыбызды реформалоо менен гана бүгүнкү оор кырдаалдан чыгып кете алабыз, башка жол жок. Ошол себептен, бул маселе мамлекеттик саясаттын номур биринчи маселеси болуш керек. Анткени, акча системасы ѳлкѳбүздѳ жашап жаткан миллиондогон адамдардын жашоо-турмушун, тагдырын аныктоочу негизги фактор болуп эсептелет. Тилекке каршы 24 жылдан бери мамлекет тарабынан бул маселе бир дагы жолу кѳтѳрүлгѳн эмес. Биз саясий жана укуктук реформаларга кѳңүл бура берип, акча системаны ойлоп да койгон жокпуз, ошондуктан бүгүн мындай экономикалык тунгуюк абалда отурабыз. Бүгүнкү күнү менимче Улуттук банкты реформалоо, Конституциялык реформадан он эсе маанилүү маселе» -деди ал.

Ваша оценка очень важна

0
Шрифт
Фон

Помогите Вашим друзьям узнать о библиотеке

Скачать книгу

Если нет возможности читать онлайн, скачайте книгу файлом для электронной книжки и читайте офлайн.

fb2.zip txt txt.zip rtf.zip a4.pdf a6.pdf mobi.prc epub ios.epub fb3