Ильгиз Талип - Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси стр 3.

Шрифт
Фон

Баса, баяныбыздын башталышында эскергендей Кулназарга коюлган айыптардын бири  молдонун кызына үйлөнгөндүгү болгон экен. Ошо ыйман-ынсаптуу үй-бүлөдөн тарбиялангандыктан ашкере мээрбан, адеп-ахлакты бийик сактаган, жан дүйнөсү бай аялзаты болгон. Ошо тагиндеги асылзадалык көрөңгөнү перзенттеринин дилине чып-чыргасын коротпой сиңирүүгө дилгирленген. Анын бул асыл аракети текке кетпегендигин жана акыры акыбети кайтып, убайын көргөндүгүн уулу Кулназардын парасаттуу, сыймыктуу жолу айгинелейби!

Окусак дегенде ак эткенден, так эткен эненин үч перзенти кузгун заардан туруп, жылытмадан шам-шум этишет да бокчолорун көтөргөн бойдон мектебине жөнөшөт. Анда ошо кездин Дүйшөндөрү өздөрүндө жетишерлик билим, же тажрыйба жоктугуна карабай жаш муундардын сабатын ачууга жан-дили менен аракет жасашкан. Андай жаңы замандын жарчыларын  «жылаңач баатырларды» кой терисин жамынган тап душмандары жининдей көрүшө турган. Алардын канчасы советтик түзүлүштүн активисттери менен кошо басмачылардын колунан жазаланбады, жайрабады?! Ошого карабай Октябрдин жарыгы өлкөнүн бүт булуң-бурчуна алоо чачып, лениндик идеялар салтанат куруп жатты. Бир кезде басмачы бандаларынын чордону болгон Өзгөн өрөөнү да ал жексурлардан арылып, бейпилчилик орной баштады

Анда элдин карды тоюнуп, үстү бүтөлө элек кез. Эски-ускудан жамап-күрмөп тигилген бешмантын, чылгый чокоюн бутуна илген, эски көрпө тебетейин баса кийген Кулназар да агаларына эрмешип, мектепке кетет. Азыркыдай парта, доска, класс деген кайда. Бул түндүк уюлдай суук бөлмөдө окуучулар тоңуп калбасын деп улам мешке саман, гозопаядан жагып, жылытмыш болушат. Анан нөөмөттөшүп, шөлбүрөп суу болгон чокойлорун, чулгоолорунда кургатып алышат балдар. Ошондой бир учурда мектепти көргөнү республикалык деңгелдеги чоң жетекчи кайып-каскагынан келип калат. Ал «класска» кирсе, мештин түбүндө чулгоо, чокоюн отко кактап бир балакай олтурат.

Башкалары бараандуурак көрүнүп, мунусунун жашы жетелектей сезилсе керек, ал киши аягандай:  Кыштын кыран чилдесинде кыйноо тарттырбай балакайды кийинки жылы эле окууга тартпайсыңарбы?  деп калат. Анда мугалим:  Жок, андай эмес, окуучуларыбыздын кенжеси болгону менен отличнигибиз ушул. Башкаларга бардык жагынан үлгү!  дейт. Тигил жетекчи ыраазы боло Кулназардын далысынан таптап  Азаматсың, уулум! Өлкө ишине жараган, эл ишенчин актаган чыныгы уул бол. Сенден Родина көптү күтөт!  дейт да чөнтөгүнөн пул алып чыгып, бут кийим сатып бергиле деп директорго тапшырат. Муну уккандар сага Кызыр жолукту деп да жоруп жүрүштү.

Бирок бул чындык эле. Аны далилдеген мындай бир факты бар. Ал «Кыргызстан пионери» газетасынын 1934-жылы чыккан сандарынын бирине жарыяланган «Эпкинүү пионер» аталыштагы кабар. Аны толук бойдон келтирели:


«Биздин толук эмес орто мектептин 7-классынын окуучусу Ташиев Кулназар бардык сабактарынан «эң жакшы», «жакшы» деген бааны алат. Коммунисттик тарбияны өздөштүрүп, сезимдүү тартипти чыңайт. Өзү эпкиндүү деп саналуу менен бирге сабактан «начар» деп баа алган жолдошу Коля Пономаревту сүрөөгө алып, сабактарынан «жакшы» деген баа алууга жетиштирди.

«Көпчүлүк коомдун мүлкүн жолдош Кулназар өз мүлкүндөй сактайт. Көпчүлүк жумуштарына ар дайым активтүү катышат.

Кочкор-Ата сельсоветиндеги толук эмес орто мектеп».


Кулназар бардык сабактарынан «эң жакшы», «жакшы» деген бааны алат.


Элде: «Болор бала богунан» деп айтылат. Мен бул кабарды Кулназар аганын келечекке сунган визиткасы катары карадым. Көрсө, ошол 30-жылдардын башталышында эле Кыргызстанга кызматы сиңчү кандай кадр дайардалып жаткандыгы жөнүндө коңгуроо кагылган турбайбы. Бирок, али алдыда ал жиреп өтчү турмуштун тунарыктаган айдыңы, чер-токойлуу чытырманы, куш канатын талдырчуу какшаалы жаткан эле да Ошол дилинде зарде, дымагы арашандай оргуштап турган улан окууда гана эмес, жүрүм-туруму, коомдук иштерге күжүрмөндүү катышуусу менен курбу-курдаштарынын урматтоосуна татып, аларды баштаган эркечке айланган. Анын мектепти аяктары менен ЛКЖСтын Куршап райондук комитетинин пионерлер бөлүмүнүн башчылыгына дайындалышы да кокусунан эмес.

Анткени өзү жаңы эле ошол чөйрөдөн өсүп чыгып, жаш муундардын жан-дүйнөсүн, алардын кандай ой-максаттар, мүдөлөр менен жашап жаткандыгын эң жакшы билген. Баса, кезегинде мектептеги, пионер уюмундагы окуу-тарбия иштери, анда орун алган абал тууралуу Кулназар өзү да пионер газетасына кат-кабарларды жөнөтүп турган. Айрым терс көрүнүштөрдү ашкерелеген сын кабарларын ал «Тапанча», «Чүкөдөй» деген жашыруун аттар менен жазган. Албетте, автордун ким экендигин классташтары, атүгүл айылдаштарынын көбү эле билишкен. Бирок, сындын адилеттеги бирөөлөрдү териктиргени менен абалды оңдоону көздөгөндүгү менен баалу болгон.

Ваша оценка очень важна

0
Шрифт
Фон

Помогите Вашим друзьям узнать о библиотеке

Скачать книгу

Если нет возможности читать онлайн, скачайте книгу файлом для электронной книжки и читайте офлайн.

fb2.zip txt txt.zip rtf.zip a4.pdf a6.pdf mobi.prc epub ios.epub fb3