Алтын Иниятовна - Мезгил ажырымы стр 7.

Шрифт
Фон

Акыркы он жылда жакшылыктарда жалаң кафе, ресторанда гана өткөрүлүп, баягыдай бутту чоюп кенен төргө отуруп, бала бакыра менен ал жай сурашып, алардын турмушунан аз да болсо кабардар болуп туруу деле калып бараткандай. Карылыктан уламбы, андай тойлорго деле чон эңе дайыма эле келе алчу эмес. Кайнисинин 2 кыз, бир эркек баласы үй жай күтүп, очор бачар болушканын чоң эне билчү.

Жамандык чыккан үйгө жете келишти. Эркектер машинеден түшүшүп өкүрүк салып алдыга жөнөштү. Аялдар аярлай басып артынан ээрчишти. Үй тараптан үн чыкпады. Кадимки боз үй да жок. Чон энени сөөк жаткан бөлмөгө киргизишти. Аялы каза болгон соң, 18 жыл бойдок өмүр сүргөн кайнисинин башында эки кызынан башка жан киши жок. Көздөрүнө бир тоголок жаш албай отурган эки кыздын бетинен өптү. Мелтиреп моло таштай катышат. Чоң эне таң кала түштү. Тунжураган, бир ыйлаган киши жок үрөй учурган бул көрүнүштү Сыйдагүл апа өмүрүндө биринчи жолу көрүп отурат. «Капырай, ай, кутула тажаган немедей ушундай да болобу. Ыйлаган бир киши жок. Ушунчалык жек көрүндү өмүр сүрдү беле?. Бар тапканын балдарына чаптап, айрымдарга окшоп кайра төшөк жаңыртам деп чамынбай, зыңкыя басып, зымырайып жашоо кечирген, билимдүү, журтуна кадыры бар кайнисинин акыркы сапары ушундай болот беле? Жакшы көргөн итиң өлүп калса деле жүрөгүндө мээрими бар адамдын көзүнө бир тоголок жаш келет эмеспи. Балдарына итче да кадыры өткөн эмеспи?» -деп көзүнөн аккан жашын улам бет аарчысын менен сүртүп эне ызалуу. Алыс-жакындан келген кишилер улам көбөйө берди. Сырттан бышактап келген аялдарды бат эле бас-бас кылышып бөлмөдө өлүү жымжырттык.

Аңгыча бөлмөгө кирип, кабагын чытып, колдорун силкилдетип сөөк башында отурган эки кызга бирдемелерди айтып жаткан өзүнүн улуу келининин оозу эле кыбырайт, эмне деп сүйлөп жатканын дааналап чоң эне уга албады.

Кайнисинин баласы да, кыздары да дин ишениминде экенинен Сыйдагүл кабары жок эле. Мал сойууга, боорсок бышырууга, ыйлоого катуу тыйуу салынган экен. Аркы кичине үйдө эки сааттан бери эненин улуу баласы сөөк ээсине кыргызда канга сиңген адат бар экенин түшүндүрө албай, короо толтура элди кайда батырып, эмне кылганы жатканын өзү түшүнө албай талаш-тартыш болуп жатканын эч ким билген жок. «Эмнеэт жегени келдиңер беле?»  деген үй ээсинин айтуусу боюнча сөөк коюлгандан 3 күн өткөн сон кафеге куран окулат экен. Кафеге кетчү чыгым менен сөөк башындагы чыгымдын айырмасын түшүнө албай эненин уул келини бушайман. Үй ээсинин чечими кандайдыр бир деңгээлде туура экенин, эл арасында калыптанып калган жамандыкта мал соймой деген көрүнүшкө көнгөн бул улуу муундун кабыл алышы, макул болушу күмөн эле.

Айтор, ары-бери кетип жатышып бир жылкы союлду. Жылкыны 5000 сомго сойуп, чучук, казы, картасын даярдап берген атайын кызмат да бар экен. Боорсок жасалып баарын көнүмүш үрп-адатка ылайыкташтырышты. Өмүрүнүн акырына чейин күйөөсүнүн колуна кол, бутуна бут болгон кичи пейил кайнисин жерге берип, ичи туз куйгандай ачышып жеңе көз жашын тыя албайт

***

Ася, Денис жана Руслан болуп кайра жолго чыгышты. Ортодо жымжырттыкҮчөө бири бири менен жылдызы келишкен, команда түзүлгөн жагдайды бойлоруна сиңирип ар ким өз ойлору менен алектей. Ася ичинен абдан кубанып маанайы көтөрүңкү. «Эртен сейфтин ачкычын Русланга таштоого туура келет. Бул жигит тууралуу дээрлик маалыматым жок. Жашаган жерин, кайсы даректе жашайт экен көрүп алайын. Сейф деген менен ичинде акча-тыйын деле жок, болгону кыздар тууралуу маалыматтар бар»  деп ойлогон Ася бул жагынан Русланга ишенбөөчүлүк кылып чочулаган жок. Русланга чайкалган магдыраган сезим кайра келип, ал жагымдуу абалды ичине кирген шампан күчөтүп, өзүнчө эле эңди-деңги.

Ася:  Үйүңүзгө чейин жеткирип коелу. Автобекеттен кайсыл тарапка бурулушум керек?  деди

Руслан: А..жоокдеп алды да «Үйгө эле кете берсемби. Даяр машине менен түшүп калбайынбы ээуйкум да аябай келип чыкты..» -деп ойлоп кетти да «Мейли. Автобекетке жетпей, кийинки чоң көчөдөн оңго бурулсаңыз»

Эртең менен Руслан айтылган дарекке келди. Бийик имараттын 6-кабатындагы жаркыраган эки чоң бөлмө экен. Ася Русланды күтүп алды. Заманбап жасалгаланган кабинетке ээрчитип кирип, таза булгаары капталган креслону «сиздин ордуңуз» деп көрсөттү. Чоң стол, анын үстүндөгү компьютер, календар, визитка салгыч, күндөлүк дептер, ручка баары ирээтүү коюлуптур. Руслан баарын сыдыра карап креслого отуруп көрдү да, «сонун го» деп жылмайып койду.

Сырттан кирген татынакай кызды Ася «сиздин жардамчыңыз, аты Жибек»-деп тааныштырды. Бул жаңы ачылган чакан офисте азырынча Руслан менен Жибек эле иштеп турушат экен. Ася сейфтен калыңдыгы бир кучак болгудай көп папкаларды алып чыгып, ар бир папкада келбети келишкен сулуу кыздардын сүрөтү, өмүр баяны жана башка маалыматтар бар экенин айтты. Русландын бүгүнкү жумушу ушул папкалардагы маалыматтардын баары менен деталдуу таанышып, жаш курагына карата бөлүштүрүп, өзүнүн табитине жараша эң сулуу деп эсептегендерди, өзүнчө кызыл папкаларга ирээттеп чыгат экен. Акылы тетик Ася өзүнүн кыздарды тандоо табити, эми эркектин көз карашы менен да бир сыйра каралсын дегени окшойт.

Ваша оценка очень важна

0
Шрифт
Фон

Помогите Вашим друзьям узнать о библиотеке

Скачать книгу

Если нет возможности читать онлайн, скачайте книгу файлом для электронной книжки и читайте офлайн.

fb2.zip txt txt.zip rtf.zip a4.pdf a6.pdf mobi.prc epub ios.epub fb3