Алтын Иниятовна - Мезгил ажырымы стр 2.

Шрифт
Фон

Караңгылык эчак эле коюуланып, эл жатаар маал болду. Аяшы менен күйөөсүнөн дайын жок. Нурик менен Канат таң атканча үйгө келбесин Ырыс билген жок. Аңгыча оозгу бөлмөнүн терезеси акырын тыкылдады. Ырыс 3 жолу ыргак менен тыкылдаган дабыштан улам ким экенин сезип, ичтейи түйүлүп, жүрөгү ысып кетти. Эшикти ачып жиберди да маңдайында турган келишимдүү жигитке каргылданган үн менен «Эмне болду? Эмне келдиң?!»-деп жиберди.

***

Канат менен Нурик кырсык болгон жерге жете келишти. Жабыркаган адамды тез жардам алып кетиптир. Топтолгон эл тарап, 3-4 киши гана четте турган экен. Канат даап бара албай имерчиктей түштү. Бүткүл бойун майда калтырак басып, чыйрыгып чыкты. Бир орунга туралбай тыбырап чуркап кеткиси келет. Жүрөгүнүн соккону өзүнө угулуп, башы кеңгирейт. «шырп» эткен дабыш болсо эле мына азыр Канатты милиция кармап кетчүдөй болот. «Сен барып келсең тээтиги кишилерге»-деди Канат. Нурик «Барып эмне деп айтам?»-деди. «Тамеки сура, эмне жөнүндө сүйлөшүп жатканына кулак сал»-деди Канат чыйрыккан үнү менен. Нурик кобурашып турган адамдардын жанына жай басып барды. Алар башка эле бир темада орус тилинде сүйлөшүп жатышыптыр. Нурик бир даана тамеки сурап алды, адамдардын бири өз күйгүзгүчүн жандырып Нурикке сунду. Нурик ыраазычылык билдирип адамдардан алыстап, обочодо турган дукөнчөгө «чылым күйгүзгүч алып алайынчы» деп ойлоп баш бакты. Көз айнегин мурдуна илип алып, калың дептерди оодарып, бирдемелерди жазып жаткан сулууча эже башын көтөрүп «Эмне аласыңар?»-деди. Нурик кырсык тууралуу сурап көрбөйүнбү деп ойлой калып «Эже, жана ушул жерлерден бирөөнү машине коюп кетти дейби?». Дүкөнчү эже: «ооба, ылдыйда жашаган орус чал бар эле. Ошол чалды сүзүп бир машине качып кетиптир»-деди. «А эмне болду. Сен ал кишини тааныйсыңбы?»-деп удаа эле суроо узатты дүкөнчү. Оозунда даяр жообу жок Нурик эмне дээрин билбей «А, жөн эле эшикте сүйлөшүп жатышат го, ошону эле сурадым.»-дей салды да «Эже, кандай машина экен»-деп сурап жиберди. Дүкөнчү-«Билбейт экемин анысын»-деди жактырбагандайЧынында, дүкөнчү эже уулу кырсыкка күбө болуп, машиненин түсүн да номурун да жаттап калганын эч кимге билдиргиси келбеди

***

«Эмне күткөн эмес белең?»-деп ыржая, жигит Ырысты жөөлөй үйгө кирүүгө умтулду. Бул жигиттин аты Руслан. Бойдок. Жашы Ырыстан 5-6 жашка кичүү. Ырыстын атуулдук никеде жашап көргөн үчүнчү күйөөсү. «Акча керек болуп атат. Акча бересиңби?»-деди Руслан Ырыска. Ырыс итатайы тутула түштү да, «Кайдагы акча?. Менде жок, болду». «Келбе экинчи,мен турмушка чыккам»-деп келин үнүн бек-бек чыгарды. «Мейли, өткөндө өзүң телефон чалып «акыл эсинен айныгандар баруучу ооруканага алып бар» деп ыйлап атпадың беле? Пивого тоюп алгансың го ээ ошондо. Догдурга барбай калдыңбы?»-деп каткырып жиберди жигит.

Ырыс ошол күндөгү окуяны эстеп кетип уяла түштү да «Тур, бар, кетчи!» деп жиберди. Руслан ылжыңдап «Бул «аэродром» да бошобой калган турбайбы» деп эки колун джинсы шымынын чөнтөгүно шыкай салып, ийиндерин куушура үңкүйө басып сыртка чыгып кетти.

Руслан иштесе ишке, аш десе ашка тойбой турган жигиттик доорунда, үй бүлөдөн же иштеген иштен жок колоктоп басып жүрүп, жашы отуздан ашыптыр. Ата-энеси кулагынын кужурун койбой сырттан окуу бөлүмүно тапшыртып акча-тыйын берип, эптеп экономист кесибинин дипломун алып беришкен. Бирок Руслан ал кесипте бир күн да иштеп көргөн жок. Руслан өзү техникага абдан кызыгаар эле. Өспүрүм кезинде машина куруу боюнча теле-берүү болобу, же журналдардан болобу, айтор машинага байланыштуу материал көрүп калса эле жантыгынан жата калчу. Бирок, ата-эне баласы үчүн чечим чыгарышкан. «Койчу кайдагыны айтпай, бизде машине чыгарган завод жок болсо, каяка барып иштемек элең?!» деген ата-эненин чолок акылы баланын кызыгуусун биротоло өчүрүп, бала умтулган таттуу кыялы жок жүрүп бой тартып, мына минтип тамаша-чынын аралаштырып сүйлөгөн ажыкыз жигитке айланган. Аттиң десең, ар бир үй бүлөдө ар бир баласынын кызыгуусун байкап, бала өзү тандаган багытына макул болуп, аз да болсо шыктандырган ата-энелер көп болсо кана. Жок, тескеричинче, баары эле балам кара папке көтөрүп, ак көйнөк кийип тез эле жетекчи боло калат деп кыялданышат окшойт.

Руслан Ырыстын үйүнөн чыкты да эч ойлонбостон эле Тулиева көчөсүндөгү эркектер үчүн өзүнөн өзү пайда болуп, уюшуп калган «эс алуу аймагын» көздөй жөнөдү. Аты менен даңкы чыккан бул көчөдө «түнкү көпөлөктөр» кызмат көрсөтүшөт. Ал жерде дээрлик ар бир экинчи үйдүн дарбазасында «Мончо, Кыз жок» деп жазып коюшкан. Руслан бул жердин кардары. Кайсы мончодо кандай кызматтар бар экенин беш колундай билет. Совет мезгилинде кымбат бир импорттук товарга эл кезек күткөндөй, бул жерде Руслан да өз кезегин күтүп, чала-була жуунуп, жыланач шыйрактарын көрсөтүп оронуп алып, кезектеги кардарды кабыл алмакка жүгүргөн кыздарды шыкаалап далай ирээт туруп калган күндөр болгон. Русландын бул балиттик менен ыймансыздык уялаган жерге болгон ушул жолку сапары тагдырында чоң бурулуш жасаарын сезбей «чыйт» түкүрүп кете берди

Ваша оценка очень важна

0
Шрифт
Фон

Помогите Вашим друзьям узнать о библиотеке

Скачать книгу

Если нет возможности читать онлайн, скачайте книгу файлом для электронной книжки и читайте офлайн.

fb2.zip txt txt.zip rtf.zip a4.pdf a6.pdf mobi.prc epub ios.epub fb3