Мына сен дагы биздин уруунун мергендеринин катарына кошулдуң,-деп куттуктаган.
Добун сүйүнүп, жаасын кайа-кайра өпкүлөп, атам сыяктуу мен да чоң мерген болуп, үйдөгүлөрдү кор кылбай багып алам деп өзүнө-өзү кайра-кайра ант берген. Ошол тойдо элге аралашып жүрүп Корултай мергендин кызы Алан-Коого жолугат. Кыздын боюу узун мойну койкоюп, бети сепкил тарта караган жанды өзүнө тартат. Добун ошол кызды тымызын сүйүп калды. Алан-Коо кыздардан бөлүнүп баланын жанына басып келет. Экөөнүн көздөрү бири-бирине чагылып сүйүү элесин берди. Бала кызга,-Жаамы алгын ,-дейт.
Кыз:
Сага дагы жаа керек,өзүмүн жаам бер,-деген
Кыз өзүнүн ата-жотосун Добунга аңгемелеп айтып берген. Экөө аман болсок дагы жолугабыз деп ажырашты.
Ошондо эле булардын тагдырын кудай бириктиргендей болгон.
Салтанат шааниси жай бүтүп, тойго келгендер жай-жайына тараган. Добун тойдон кийин өзүнүн кер быштысын табай албай бушайман болду. Бала жаасын кармап, токтобой ары бир чуркап, бери бир чуркап, эч бир жерде кер быштысын таба албады. Акыры айласы кеткен Добун Алтан төрөнүн жигиттерине кер быштысын жоготуп ийдим деп даттана кайрылган.
Кара тоголок жигит:
Кеч болуп калды үйүңө бара бер кер быштыңы тапсам байлап коём,-деген.
Добун чуркап отуруп өзүнүн боз үйүнө эл орунга отурганда араң жеткен. Бул кезде,-Балабыз эмне болду,-деп атасы Борчу энеси Аймарал айыл четинде жолдун айрылышындагы чоң кара таштын жанында күтүп жаткан экен. Алар алыстан сербеңдеп чуркап келаткан караанды көрүшүп:-Биздин бала экен,-деп сүйүнүшкөн.
Борчунун жини келип, аны Аймарал тыйып:
Баланы көп жемелебечи ансыз деле айыптуу болуп келатат.
Борчу аялынын сөзүн угуп жумшарат.
Балам, кер быштың кана?-деди бору ооруп.
Эцеге(ата)мен аны чылбырын түрүп оттосун,-деп коё бергем, той бүткөндөн кийин карасам эле жок таппай калдым.
Айрмарал эне эки ортону жумшартып:
Эчтеке эмес уулум эртең атаң барып таап келет. Жоголбой жүрчү бышты беле бир жерде оттоп жүргөндүр. Уулум эл көп болдубу?
Ооба эне, Алтандын тойуна адамдар көп келди, сакалы белине жеткен улугерчи карыя жомок айтып, балбан күрөш, жаа атыш ар түрлүү оюндар көп болду,-деп бала көргөн-билгенин кобурап жатты.
Сен жаа атыш ойнуна катышкан жоксуңбу? Мергенчинин уулу эмесиңби?
Катыштым, ата эки ууру, эки жаат болуп атышты, биз атып кетип жеңишке жеттик.
Мергенчинин уулу мергенчи болот,-деп сүйүнүп айтты,-Аймарал эне баласынын ийгилигине жетине албай сыймыктанып.
Анан бала менен энеси шыбырап сүйлөшүп калышты.
Эне мен Алтанды көрдүм ал чокчо сакал койдурган чоң адам тура.
Ооба ал бай жана төрө эмеспи.
Эне ошол айылда Корултай деген мерген бар экен. Анын Баргужин-Коо деген аялы, алардын Алан-Коо деген кызы бар тура.
Энеси таң кала:
Анан ал эмне экен?
Ал аябай сулуу экен.
Энеси жүрөгү жибип, күлүп жиберди жетине албай:
Менин уулум тойго барып, өзүмө келин таап келген го,-деп сүйүнө айтты.
Ошону менен тааныштым.
Таанышканың жакшы уулум көрүнгөн тоонун ыраагы жок аны биз келин кылып алабыз.
Береги Борчу мергендин баласы бир тойдо тагдыр буйруп, Корултай мергендин кызы Алан-Коо деген сулуу кыз менен таанышып калыптыр.
Борчу аялы Догулан экөө өз турмуштарын өткөрүп жатышты. Борчу түндүктөгү токойдун арасынан ар кандай илбеесин кармап аң терилерин даярдаган мерген. Терилерди ашатып ийлеп, бүтүп жаасын асынып, жылуу кийинип аң улоого жөнөдү. Аны ээрчип Добун жөнөөчү ошондонбу ал кайсы жерде аң болот аны кандай кылып, атыш керек кыскасы ата кесибин мыкты өздөштүргөн. Баралына жеткенде эң мыкты мерген болчудай. Борчу ушул чөлкөмдөгү жөндөмдүү аңчылардын бири. Ал жер өңүтүн коёндун жатагына чейин билген.
Добун Корултайдын баласы менен достошуп алды. Анын максаты Алан-Коо менен сүйлөшүп жакындоо болчу. Анан закымдап мезгил өтүп, жаштар бойго жетишти. Бирок кызы төрөлгөндө эле башка бирөөнө кудалап, анча мынча мал алып койгон эле. Анын кудалаган жери Эрке Харанын таякелеринин уулу Кубулай деген бала болчу.
Алан Коо атасы менен энесине айткан:
Мен ага турмушка чыкпайм.
Анткени ал Борчунун баласы Добунду жакшы көрүп калбадыбы. Добун узун бойлуу, шадылуу келип, ак жуумал улан эле.
Бир күнү булак жанында Алан-Коо Добун менен сүйлөшүп жатып айтты:
Сен мени бат эле ала качып кетпейсиңби же, болбосо атам кудалаган жерге берген жатат.
Корултай кызын антташкан жерге бермек болгон. Бирок Добун Алан-Коону эл жатаарда келишкен кер жорго менен келип үйүнө ала качып кеткен.