Кадыр Абакиров - Адамдын Асыл ойлору стр 9.

Шрифт
Фон

* * *


Улуу тоонун бийиктиги алыстаган сайын көзгө даана көрүнүп, бизди кылчак-кылчак каранта берет..


* * *


Көзү өткөн пенделерди тигиндей- мындай дегенде болбойт. Жакшы жактарын эскерип, начар жактарына унчукпай тим болуу. парз


* * *


Бирөө менден сурап калды: «Сен бакыт кушун кармадыңбы?»  деп. Мен деңдароо болуп, жооп бере албай мукактандым. Албетте бир дагы адам бакыт кушун кармадым,  деп, жооп берген эместир. Жооп берсе ошол адам ким болду экен?


* * *


Адамдар рухий дөөлөт менен байып турбаса, анын акылы мокойт, балтаны кайрак менен кайрап турбаса, анын курчтугу мокойт.Заман ачылыштар менен байыбаса, ал да мокойт.


* * *


Бузукулуктун артынан бузукулук келсе, ал жаман. Бузукулуктун артынан оңолуу келсе, ал жакшы.


* * *

Сапар жүрүп отуруп, бир булакка туш келдим. Булак жагымдуу үн салып, шылдырап агууда. Анын мукам үнү менин ырларыма же жалындаган жаштык чагымдын үнүнө окшошуп турду. Баары өткөнгө окшошуп турду.


* * *

Тоо дайрасы катуу киргенде анын үнү алыска-алыска угулуп, атак даңкка бөлөнөт. Талант даарыган акын дагы ушундай асылдыкка бөлөнөт.


* * *

Асманда жалгыз эле бир күн бар сыяктуу жерде дагы бир эле чындык бар. Эгерде чындыктын эки түрү болгондо адамдарга ал шек жаратып турат.

* * *

Өлгөндөн кийин хан деле, дыйкан деле, бирдей кара жерге койулат. Хан үчүн тиги жакта хан сарай жок, дыйкан үчүн тиги тарапта өзү иштеген талаасы жок.


* * *

Улгайып калганыбыздын белгиси биздин өңүбүздөн,

чачыбыздан, денебизден, сүйлөгөн сөзүбүздөн эле билинип турду.


* * *

Өткөн өмүрүбүздүн элеси биз жасаган эмгектен көрүнүп турсун. Эмгегибиз жашап, өмүрүбүздөн өткөндүн элеси жанып турсун.


* * *

Чыгармачылыктан жолу болуп келаткан адам, аябай жолу болуп келаткан мергенчиге эле окшошот.


* * *

Адам өзүнүн ордун билиш керек, көрүнгөндү ээрчий берсе ал жаңылат. Аны көрүп башкалар да жаңылат.


* * *

Бабалардын басып өткөн жолу биз үчүн улуу тарых. Ал тарых унутулуп калбасын деп, китепти ойлоп чыгарып, өткөн өмүрүн ак барактарга ыр кылып калтырышкан. Бул улуу китепти ойлоп жазуунун өзү эле эрдик жана акылмандуулук.


* * *

Улуулук бизге байлык, мансап аркылуу келбестен, талант жана эмгек тараптан келген.


* * *

Бүткүл элди жалгандык менен алдасаң анын аягы эмне менен бүтөт? Үй-бүлөңү жалгандык менен алдасаң анын аягы эмне менен бүтөт?


* * *

Сүйүү никеге чейин болгон. Никеден кийинки сүйүү жоопкерчиликтүү сүйүүгө айланат. Анткени ал жашоодо чыныгы бактылуулукту, турмуштун дал өзүн аралап кетет.


* * *

Үй-бүлө бул: Ата-эне, балдар, кыздар, неберелер жана башкалар. Үй-бүлөлүк сүйүү бөлүнбөс ынтымактын биримдиги. Ал биримдик жалпы элибиздин биримдиги.


* * *

Кичүү муундар улуу муундардын айткан осуяттарын, санжыраларын, уламаларын үйрөнүш керек. Себеби, ошолордо чоң тажрыйба баштамалардын негизи бар экенин билсин.


* * *

Байгеге отуз күлүк кошулду эле, ошолордун ичинен бир эле акбоз күлүк ашып келип, көптөн берки болот деген ат чабыштын тагдырын жалгыз өзү чечип койду. Ал тагдыр бир эле күлүккө таандык.

* * *

Бир сулуу, акылдуу кыз жаштык дүйнсүн байытат, эгерде ал өз сулуулугун булгабай өтө таза сактаса.


* * *

Коркунуч келгенде, агаң калтааруу, иниң сабыркоо болот. Кубаныч келгенде агаң-сүйүнүч, иниң-ишенич болот.


* * *


Эки тоонун ортосунда туруп алып кыйкырам. Жаңырыгым аскалар тараптан угулуп турду. Жаңырыгым ырларым болчу.


* * *


Бала ээрчитип бараткан аялды көрдүм.


Музоо ээрчитип бараткан уйду көрдүм.


Кулун ээрчитип бараткан бээни көрдүм.


Алардан кийин жолдо бараткан энени көрдүм.


* * *

Таң агарганда кыштактын бир жеринде басылбай балканын үнү угулуп жатты. Бул жаңырыктан жаңы башталган эмгектин добушу чыгып жатты..


* * *

Көк-Кыяга кетчү жолдо турам. Астымда ашуу, бул жерден өткөн ата-бабамдын арбагына бата кылдым. Ашуудан аман ашып кеткей элем.


* * *

Астымда чоң дайра агып жатат. Ал менин өмүрүм. Дайра азыр агып жатат. Анын акпай калчу күнү келет. Ал күн алыспы, же жакынбы аны такыр билбейм?

Ваша оценка очень важна

0
Шрифт
Фон

Помогите Вашим друзьям узнать о библиотеке

Скачать книгу

Если нет возможности читать онлайн, скачайте книгу файлом для электронной книжки и читайте офлайн.

fb2.zip txt txt.zip rtf.zip a4.pdf a6.pdf mobi.prc epub ios.epub fb3