А бирок кандай болгондо да, педагог балдардын ата-энелери менен да тыгыз байлангышта иштеш керек. Ошондо натыйжа жакшы болот, эки тарап тең катуу аракет жасаган болсо.
Педагогика жаатында, дейт Саадат Саттарова, өзүмдүн кеңешчим катары ошол Кызыл-Кыядагы интернатта бирге иштеген педагог, Кыргызстандын элге билим берүү, агартуу системасынын отличниги Альберт Вартанович Сагамоновду тааныймын. Бул армян улутундагы агайым зор инсан, өзүнүн кесибине чексиз берилген педагог болгон. Ушул адамдын мугалимдик тажрыйбасы, таланты, инсандык образы аркылуу мага Сухомлинскийдин тарбиялоо методу ачылган десем туура болот.
1988-жылы методист-мугалим Саадат Саттарова Бүткүлчоюздук мугалимдердин съездине делегат болуп, Кызыл-Кыядагы 700 ашуун педагогдордун арасынан шайланат.
Андан соң Ноокат районунун Чечме-Сай айылына үй-бүлөлук шарттарга байланыштуу (жолдошу Абдрахман Матмуратов ушул айылдан болот) көчүп келет. Кызыл-Кыя шаарына салыштырганда бул тоонун этегинде жайгашкан айыл асман менен жердей айырмаланып турган болушу керек шаарда өсүп тарбияланган Саадат эже үчүн. А бирок чыныгы профессионал жана адис бардык жерде профессионал бойдон калат эмеспи, ошондуктан Чечме-Сайда да жылдыздуу айымдын жылдызы өчпөдү, ал тургай «коюланган түндө», шаарга салыштырмалуу караңгы, түнт чөйрөдө анын адистик таланты ого бетер жалтылдай баштайт. Кайнар-Булак орто мектебиндеги анын жасалгаланган окуу кабинети бир жыл өтпөй район бонча мыкты болуп бааланып, баардыгына таанылды, ал эми 1993-жылы жогоруда айтып кеткенибиздей Саадат Сатарова Кыргызстандын агартуу тармагынында «Жылдын мыкты окутуучусу» деген даңазалуу республикалык наамга ээ болуп, бүткүл өлкөбүзгү таанылат.
Ушундан кийин Саадат эже Ноокат билимканасына чакырылган.
Ал лицейге келери менен англис тилинин окутуусу кескин түрдө оңолгон болот. Сегиз айдан кийин (!) лицеисттердин 70% 8-класстан тартып 11-класска чейин англис тилинде эркин сүйлөп калышат. Кээ бири балдар, кыздар англис тилин орус тилинен да жакшы билишип, бул тилде ыр-аңгеме жаза баштаганы таң калтырбай кое албайт.
Ноокат районун олимпиадасына лицейден 37 бала катышууга укук алып, алардын ичинен 30 (!) байгелүү оорундарды ээлеп кайтышты. Алардын арасынан англис тилинен жеңгендер да болгон. Андан соң Ош областтык олимпиадасында билимкананын 17 баласы 1,2,3, 4-орундарды ээлеп, башка Кыргызстандагы ушул эң ири областынын мектептердин окуучуларын пъедесталдын, байге тапшыруучу жайдын жанына жолоткузбай кайтышат. Ошентип республикалык олимпиадага Ноокат билимканасынан 7 лицеист катышкан болот. Ошолордун ичинен экөө байгелүү орундарды ээлешти. Ал эми Ош областында ал убакта республикабыздын калкынын жарымы жашап атканын жана Кыргызстан боюнча 2 миңден ашуун орто мектептердин бар болгонун эске алсак жалпы окуучулардын саны 1,5 миллиондон ашып, мына ошондо Ноокат билимканасынын бул ийгиликтерин туура баамдаган болобуз бул чын эле таңгаларлуу кыргыз элинин айылдык мектеби экен деп тааныйбыз! Анын негиздөөчүүлөрүнүн башынан эле түпкү максаты Кыргызстандын алыскы тоолуу аймактарында дүйнөлук деңгээлдеги стандарттарга жакын кыргыз мектебин жаратуу, ошол максат үчүн катуу аракеттенгенин баалап, Ноокат билимканасы мына ошондой мектептердин алгачкылары болгонун тастыктаган болобуз.
Лицейде 13 окуутуучу иштейт. Алардын баары тажрыйбалуу адистер, балдарды тарбиялоого, билим берүүгө жан-дили менен берилген адамдар.
Мамарасулов Мукушалы, математик, Ош мамлекеттик педагогикалык институтту Маккамбай Мамаюсупов менен 1978-жылы бирге бүтүргөн. Мукушалынын атасы да Кыргызстандын агартуу системасында эмгеги сиңген жогорку педагогикалык наамга жеткен мыкты математик болгон. Лицейге Мукушалы Кайнар-Булак орто мектебинен чакырылат. Ал мектепте Мукушалы математикалык адистештирилген класста тереңдетилген программанын негизинде иштеп бир топ такшалып калганда Маккамбайдын суроосу боюнча лицейге которулат. Мукушалы Саадат эженин лицейдеги оң колу болгон, ансыз директор бир кадам да жасай албаганын ачык эле айтат. Себеби Мукушалы Мамарасулов мыкты адис гана эмес, жакшы адам, анын мүнөзүндө, ата-бабаларынан калган таалим-тарбиясында, генинде, каныныда көптөгөн сонун улуттук касиеттери чогултулган. Абдан жөнөкөй, адамгерчиликтуу, ар-бир аткарган жумушуна өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылган педагог, адис. Билимкана материалдык жана уюштуруулук жагынан толукталып бутуна туруп жаткан кезде, негизги педагогикалык жумуштардан тышкары ар-түрд үү чарбалык, курулуштук майда-чүйдө иштер кыстаганда, мындай адамдардын коллективде бар болгону өзгөчө маанилуу эмеспи.
Лицей математика, физика багытында тереңдетилген программа менен иштейт. Жаңы окуучуларды кабыл алгандан мурда атайын уюштурулган экзамен, сыноолор өтүшөт. Бир оорунга 2030 балдар талашып, мындай жогорку конкурстун натыйжасында райондун эң мыкты окуган балдар-кыздары гана лицейге өтүшөт. Бул класстардын негизги максаты райондук, областтык, республикалык «күч сыноолорго», олимпиадаларга, эффективдүү даярдануу, аерде сөссүз түрдө жеңүүчүлөрдөн болууга аракеттенүү, предметтерден терең билим алууга умтулуу.
«Өзүмдүн мектебимде жалаң бешке окуганмын, дейт лицейдин подкурсунун окуучусу Гулнара Кабылова. А биерге келип билимимдин чабалдыгын түшүндүм, компьютерде алгач жолу ушуерде иштеп, англис тилин чындап окуп»
Ооба, жөнөкөй мектептин отличниктери, мыктыгерлери, лицейге келери менен арттагыларга кошулуп калышат, араң үч деген баага окушуп. Кийин гана, эгерде баланын аракети күчтүү болсо, алдыга акырын жылат.
Информатика сабагынан Кошмурзаев Исмаил башкарат. ОМПИ-ни 1989-жылы бутүргөн. Студенттик кезинде Бүткүлсоюздук математикадан олимпиадага катышып женүүчүлөрдөн болгон. Райондук Финасылар бөлүмүндө компьютерлерди тейлеп иштеген. Бул адисти да Маккамбай Мамаюсупов издеп, таап лицейге алып келген, Чечме-Сай айылынан турак-жай менен камсыз кылып, анткени Исмаил бул жерлик эмес коңшу номер 44 конезаводтун аймагынан болот. Мугалимдер аны «биздин волонтер» деп тамашалап коюшат. Информатика жана математика сабагын үстүртөн караганда кургак, кызыксыз окуганы менен, анын ар-бир сөзү математикага шыгы бар балдар үчүн алтындай кымбат. Себеби, бул момун, көп сүйлөбөгөн, шашпай баскан арыкчырай меланхолик жигит тубаса математик болуп жаралган десек жаңылышпайбыз. Анын мүнөзү, баскан-жүргөнү да муну далилдегендей каерде болбосун чексиз математика, информатика дүйносүнө ою менен чөмүлүп, ошоерде жашап жатканы анык.
Физика сабагынан Жунусов Тургунбай алып барат. Бул жаш жигит дагы ОМПИ-ни 1991-жылы кызыл диплом менен аяктаган, өзү Чечме- Сайда ачылган физика-математикалык спецкласстын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнөн. Олимпиадалык класс менен иштөөгө абдан көп көңүл бурат.
Физика предметинен республикалык спецмектептердин арасында олимпиаданын жеңүүчүлөрү тууралуу өзүнчө сөз кылуу керек. Ноокат билимкананын 11-класстагы окуучулар: Эмил Боркошев 2-орунду (область боюнча биринчини), Данияр Абдибаитов 3-орунду (областта экинчини) ээлешкен. Ал эми Акыл Жээнбеков лицейде жалаң бешке окугандыктан бир класстан аттап, 15 жашында окууну алтын медаль менен бүтүргөн. Физикадан жана географиядан республикалык мелдеште 3-орунга татыктуу болгон, өткөн жылы математика предметинен областта биринчиликке жеткен.